Пакистан КРдин төрт медициналык окуу жайын «кара тизмеден» чыгарды
17 ноябрь 2020

Пакистан КРдин төрт медициналык окуу жайын «кара тизмеден» чыгарды

Пакистандын медициналык комиссиясынын «кара тизмесинен» Кыргызстандын төрт медициналык окуу чыкты.

Алар И.Ахунбаев атындагы КММА, Ош мамлекеттик университети, кыргыз-орус Славян университети жана эл аралык жогорку медициналык мектеби.

Бүгүнкү күндө Пакистандын «кара тизмесинде» Кыргызстандын 12 медициналык окуу жайы бар.

Белгилей кетсек, октябрдын аягында Пакистан Кыргызстандын бардык медициналык окуу жайларын «кара тизмеге» киргизген. Анткени Кыргызстандан окууну аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн 90 пайызы мекенинде медициналык комиссиясынын милдеттүү экзаменинен өтпөй калган.

Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлиги бул көйгөйдү медициналык багытта билим берген мекемелердин жетекчилери менен талкуулап, билим берүүнүн сапаты көзөмөлдө болот деп ишендирген.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Пакистандан келген 8700дөй, ал эми Индиядан келген 9 миңден ашык студент окуйт.