Кыргызстандык студенттер Беларуста бекер окуу үчүн грант алса болот
18 ноябрь 2020

Кыргызстандык студенттер Беларуста бекер окуу үчүн грант алса болот

Беларусь Кыргызстандан студенттердин окушуна кызыкдар жана алар үчүн акысыз билим алуу үчүн гранттарды берүүгө даяр. Бул тууралуу Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Сраченко Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолукканда билдирди.

Өз кезегинде Кыргызстандын тышкы иштер министри эки өлкөнүн ортосундагы аймактык бирикмелердин алкагында кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, эки тараптуу соода-экономикалык өнөктөштүктү активдештирүү зарылдыгына токтолду.

Казакбаев ошондой эле, инвестициялык кызматташууну арттыруу зарылдыгын белгилеп, конкреттүү бизнес долбоорлорду чогуу ишке ашыруунун үстүндө иштөөнү сунуштады.

Беларустун өкүлү өз кезегинде буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле өнөр-жай объектилерин куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө даяр экенин айтты.