Кыргыздар англис тилин Тажикстан, Ирак, Оман жана Сауд Аравиясынын тургундарына караганда жакшы билет
18 ноябрь 2020

Кыргыздар англис тилин Тажикстан, Ирак, Оман жана Сауд Аравиясынын тургундарына караганда жакшы билет

Англис тилин билүү боюнча дүйнөлүк рейтингде 2020-жылы Кыргызстан 96-орунду ээледи. Былтыртан бери өлкө өз позициясын үч пунктка жакшырткан.

EF English Proficiency Index (EPI) рейтинги чоңдор арасындагы англис тилин билүүнүн орточо деңгээлин аныктайт жана англис тили эне тил болбогон дүйнөнүн 100 өлкөсүндө 2,2 миллион адам катышкан тил тесттеринин негизинде түзүлөт.

Кыргызстан коңшу мамлекеттер Өзбекстан (88-орун) жана Казакстан (92-орун) сыяктуу эле англис тилин билүү деңгээли «эң төмөн» деп бааланган өлкөлөрдүн катарына кирди.

Рейтингде Нидерланды, Дания, Финляндия, Швеция жана Норвегия алдыга чыгышкан. Жалпысынан изилдөө дүйнө жүзү боюнча англис тилин билүү деңгээли жакшырып бараткандыгын көрсөткөн. Ошол эле учурда, 26 жаштан 30 жашка чейинки адамдар англис тилин мыкты билишери аныкталган.