Россотрудничество: Кыргызстанда орус тилин окутуу кыскарбашы маанилүү
19 ноябрь 2020

Россотрудничество: Кыргызстанда орус тилин окутуу кыскарбашы маанилүү

Россотрудничествонун башчысы Евгений Примаков онлайн маалымат жыйында Кыргызстандагы мекеменин ишин өзгөртүү пландары жөнүндө айтып берди.

Ал «сулуулукка» басым жасоо ыкмасы өзгөрүлө турганын" белгиледи. «Чакан бюджет менен эле жасала турган нерселер бар. Аларгаөзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, айыл чарба жана башка тармактарда окутуу курстарын өткөрүү кирет», — деди ал.

Примаковдун айтымында, Кыргызстандагы Россотрудничество өнөктөштөрдүн чөйрөсүн кеңейтет, ага мамлекеттик органдар гана эмес, бейөкмөт уюмдар дагы киргизилет.

Ал «өлкөнүн калкы активдүү, ошондуктан бул жакта өкмөттүк эмес тармак күчтүү» деди ал.

Ошондой эле, маалымат жыйында Россотрудничествонун башчысы Кыргызстандагы орус тилинин абалы жөнүндөгү маселеге дагы токтолду.

«Кыргызстан биздин дос жана ишенимдүү өлкөлөрдүн бири. Бул жерде орус тилинин абалы жакшы — официалдуу деп белгиленген. Биз үчүн анын окутулушу кыскарбаганы маанилүү», — деп Примаков баса белгиледи.