
Кыргызстандык таксисттерге жана официанттарга этикеттин эл аралык нормаларын үйрөтүү сунушталууда
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков такси айдоочуларын, официанттарды жана гиддерди этикеттин эл аралык жалпы кабыл алынган эрежелери жана ченемдери боюнча окутууну сунуштады.
Мындай демилге менен ал Кыргызстандfus туризм бизнесинин өкүлдөрү менен болгон жолугушууда айтты. Анда өлкөнүн туризм тармагын, анын ичинде кышкы туризмди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын шартында пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланды.
Министрдин айтымында, тейлөө чөйрөсүнүн адистеринин жүрүм-турум маданиятынын деңгээли мамлекет жана анда жашаган элдер тууралуу биринчи пикирди жаратат.
«Көбүнчө сертификаты бар адистер чет элдик туристтерге кызмат көрсөтүшү керек. Мындай тажрыйба өнүккөн өлкөлөрдө бар», — деди Нуржигит Кадырбеков.