Коронавирустан улам Бишкектеги мектептерде 13 класс жабылды. Тизме
28 сентябрь 2021

Коронавирустан улам Бишкектеги мектептерде 13 класс жабылды. Тизме

Бишкектин кээ бир мектептеринде окуучулардан коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу айрым класстар жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, жалпысынан 13 класс убактылуу карантинге жабылган.

Биринчи май району:

  • №48 орто мектебинде бир класс, №70 мектепте бир класс;

Ленин району:

  • №9 мектепте эки класс, №13 мектепте бир класс, №8 мектепте бир класс;

Свердлов району:

  • №11 мектепте бир класс, №38 мектепте бир класс, №4 мектепте үч класс, №65 орто мектебинде бир класс, №66 мектепте бир класс.

Мэрия бекитилген алгоритм боюнча кайсы мектептин окуучуларында коронавирус аныктала турган болсо, класстар жабыларын эскертти.

"Урматтуу ата-энелер, эгер балаңыз ооруп кала турган болсо, аны мектепке же бала бакчага жибербей коё туруңуз. Анткени бала башкаларга да жугузуп, вирусту жайылтышы ыктымал", — деп айтылат маалыматта.

Жабылган класстардын окуучулары аралыктан окуп турары кошумчаланды.

Булак: Спутник Кыргызстан