10 март 2022

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Торобаев («Ата Журт - Кыргызстан) бийликти балдардын мектепке чейинки билим берүүсүнө көңүл бурууга чакырды

«Окуучулардын билим берүү жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык “PISA” деген программа бар. Бул программа өлкөлөрдөгү билим берүүнүн деңгээлин аныктайт. Иликтөө боюнча, бала бакчага барган бала бакчага барбаган балага караганда бир топ билимдүү. Статистика боюнча Кыргызстанда 600 миңден 700 миңге чейин бала бакчага барбайт. 600 миллион сомго дем берүүчү гранттар бөлүнсө, “капиталдык салымдар” беренеси боюнча 3 миллиард сом бөлүнгөн. Мектепке чейинки билим берүүгө көңүл бурууга чакырам. Билимдүү, маданияттуу жаштар биздин келечегибиз», - деди Бакыт Торобаев 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында.

Депутат, Сузак районунун Жалгыз Жаңгак айылында бала бакчанын курулушу башталып, бюджеттен 3 млн. сом бөлүнгөн. Фундаментти куюлуп, дубалдары көтөрүлгөн бойдон курулуш токтоп калганын айтты. Ал Министрлер кабинетинин өкүлдөрүнөн баштаган иштерин аягына чыгарууну суранды.

“Мындан тышкары, Сузак айылында 1956-жылы «Алтын балык» мектепке чейинки балдар мекемеси курулган. Капиталдык оңдоо иштерине 3 млн сом бөлүнгөн, бирок иш бүтпөй токтоп  калган”, - деди ал.

Булак: bilim.akipress.org