Кыргызстандык хирург-рекордсмен Гиннесс китебинин дипломуна ээ болду
3 декабрь 2020

Кыргызстандык хирург-рекордсмен Гиннесс китебинин дипломуна ээ болду

Кыргызстандык хирург Мамбет Мамакеев жетишкендигин расмий тастыктаган Гиннесстин рекорддор китебинен дипломун алды.

Атактуу дарыгер эң узак иштеген хирург катары Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Мамакеев 68 жылдан бери операция жасап иштеп келет.

Бүгүн 92 жаштагы хирург өзүнүн жетишкендиктерин өркүндөтүп, такай операция жасап турат. Эмгек жолунда дарыгер 15 миңден ашуун хирургиялык операцияларды жасаган, 100 миңден ашуун катуу оорулуу бейтаптарга консультация берген.

Мамакеев ошондой эле илимий эмгектердин, дарылоо жана диагностика методдорунун автору.

Гиннесстин рекорддор китебинин эксперттери дипломду академикин жеке өзү тапшырышы керек болчу, бирок коронавирус пандемиясынан улам ал ишке ашкан жок. Диплом экспресс-почта аркылуу жеткирилген.