Кыргызстандын дыйкандарына жеңилдетилген насыяларды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлдү
Илюстративдүү сүрөт

Кыргызстандын дыйкандарына жеңилдетилген насыяларды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлдү

Кыргызстандын дыйкандарына жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылган кайра иштетүүчү ишканаларга жеңилдетилген насыяларды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлдү.

Бул насыя акча каражаты мамлекеттик банктарга келип түшкөн учурдан тартып кластердик бирикмелердин негизги катышуучуларына бериле баштайт жана бүгүнкү күнгө чейин эч кимге берилген эмес. 

Комиссия курамы томонкучо:
1) Мукашев Азамат Фелкисович - Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары, комиссиянын төрагасы;
2) Алтынбеков Айбек Алтынбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
3) Нарматова Надира Азимовна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
4) Токтошев Эмил Токтакунович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
5) Аманкан Батырбекович Кенжебаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
6) Козуев Алишер Абибиллаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
7) Кулуев Алымкул Райымкулович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башкы эксперти;
8) Маматов Искендер Маматович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин регионду өнүктүрүү  башкармалыгынын башчысы;
9) Букабаев Улан Арымбаевич - «Айыл Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы;
10) Букуев Кадырбек Джумабекович - «РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы;
11) Балтабаев Рустам Кодиржонович - «Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин аткаруучу директору.

Эске салсак, буга чейин парламенттин айрым депутаттары бул жеңилдетилген насыяны Жогорку Кеңештин кее бир депутаттарына жана Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнө байланышкан компанияларга бөлүнгөнү тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды айтып чыгышкан.