Кыргызстандык режиссердун даректүү тасмасы Түркиядагы кинофестивалда баш байге алды
23 ноябрь 2020

Кыргызстандык режиссердун даректүү тасмасы Түркиядагы кинофестивалда баш байге алды

Кыргызстандык жаш режиссер Гүлнара Айтмаматованын «Тайгак жол» даректүү тасмасы Түркияда өткөн «Келечектин коммуникаторлору» эл аралык кинофестивалында жеңүүчү деп табылды.

Коронавирус пандемиясынан улам фестиваль онлайн режимде өтүп, Түркиянын ТRТ телеканалында көрсөтүлдү.

Фильмдин автору Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бүтүрүүчүсү жана бул тасма анын дипломдук иши. Тасманын көркөм жетекчиси Молдосейит Мамбетакунов, операторлору Максат Имеров жана Асан Жанталиев. Үн инженери жана редактор Хайрулла Рахматилла уулу.

Фильмдин башкы каарманы мектеп окуучусу Каныкей искусстводон өтө алыс. Ал тоолордун арасында жашайт. Ал койчунун кызы. Бирок Каныкейдин чоң кыялы бар жана ал бул кыял сөзсүз орундалат деп ишенет.

Ноябрдын аягында фильм Екатеринбургдагы «Россия» фестивалына катышат. Ошондой эле, фильм КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинолорунун «Үмүт» форумуна катышуу үчүн тандалып алынган.