Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Жаңылыктар
Укук
Экономика
Маданият жана тарых
Илим жана билим
Экология
Россиядагы кыргызстандыктар
Мекендештер үчүн маалымдама
Бүгүн ЖМКда
Интервью
Эксперттер
Байланыш
Укуктук маалымат
Сайт картасы
Укук
15 январь 2021
Эмгек мигранттары ЕАЭБдин каалаган өлкөсүндө пенсия ала алышат
2021-жылдын январынан тартып Евразиялык экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө иштегендерди пенсия менен камсыз кылуу боюнча келишим күчүнө кирди. Ал Россиянын, Казакстандын, Беларуссиянын, Армениянын жана Кыргызстандын аймагында жеткиликтүү.
25 декабрь 2020
Кыргызстандын дээрлик 900 миң жараны добуш бере албайт
Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков Коопсуздук Кеңешинин жыйынында 880 миңден ашуун кыргызстандыктар биометрикалык маалыматтарын тапшырбаганын билдирди. Алар 29-декабрга чейин биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керектигин, антпесе алар өлкөдөгү президенттик шайлоого катыша албай турганын айтты.
23 декабрь 2020
Кыргызстанда Экономикалык мунапыс жөнүндө мыйзам кабыл алынды
Документке ылайык, салыкты төлөөдөн качкан же экономикалык кылмыштарды жасаган ишкерлер келтирилген зыяндын ордун эки эселенген өлчөмдө толтурса, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.
21 декабрь 2020
Референдум жана президенттик шайлоо: бюллетендер түсү боюнча айырмаланат
БШК президенттик шайлоо жана референдум боюнча бюллетендер түсү боюнча айырмаланарын билдирди. Бири ак, экинчиси көк болот. Ошол эле учурда, эгер шайлоочу жалпы элдик добуш берүүгө катышууну каалабаса, анда ал идентификациядан өткөндөн кийин алган чекти бюллетенге алмаштыра албайт.
16 декабрь 2020
Кыргызстандыктар үчүн жаңы паспорттор даярдалат
Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы биометрикалык жарандык паспорттун алгачкы үлгүлөрүн алды. Жаңы паспорттордо электрондук чип бар, 30дан ашык заманбап коопсуздук элементтери бар, заманбап материалдар жана жеке маалыматтарды киргизүүдө лазердик технологиялар колдонулган.
15 декабрь 2020
Кыргыз жарандарынын ID-карталарына улут графасы киргизилди
Премьер-министрдин м.а. Артём Новиков Кыргызстандын жарандарынын паспортуна улуту жөнүндө графа киргизилген чечимге кол койду. Өзгөртүүлөр Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чечимдерин ишке ашыруу максатында киргизилген. ID-картада улутун көрсөтүү же көрсөтпөө ар кимдин колунда — бул ыктыярдуу чечим.
14 декабрь 2020
Россиянын ИИМи 2021-жылдын жай айына чейин чет элдиктердин өлкөдө болуу мөөнөтүн узартат
15-декабрда Россиянын президенти Владимир Путиндин чет өлкөлүктөргө, алардын өлкөдө жашоосунун мыйзамдуу мөөнөттөрү жана мындай укук берген документтердин жарактуулук мөөнөтү бүткөн болсо дагы, алардын укуктук статусун сактоого мүмкүнчүлүк берген жарлыгынын күчү аягына чыгат. Көпчүлүк кыргызстандыыктар ушул күндөн кийин Россиядагы эмгек мигранттарынын тагдыры кандай болот ойлонууда.
7 декабрь 2020
5 күндүн ичинде 4 миңге жакын кыргызстандык акысыз юридикалык жардам сурап кайрылды
Он күндүк акысыз юридикалык жардам берүүнүн жүрүшүндө 4 миңге жакын кыргызстандык юстиция органдарына кайрылышкан. Бул тууралуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.
6 декабрь 2020
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кара куурайды мыйзамдаштырууга каршы чыгууну улантууда
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин алдындагы Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы БУУнун Комиссиясынын марихуананы жана анын туундуларын дүйнөдөгү эң кооптуу баңгизаттардын тизмесинен чыгаруу чечимине кескин реакция жасады.
1 декабрь 2020
Кыргызстандыктар акысыз юридикалык жардам ала алышат
Кыргызстанда 30-ноябрдан 5-декабрга чейин калкка акысыз консультация берүү жана юридикалык жардам көрсөтүү боюнча он күндүк өтүп жатат. Акциянын негизги максаты — калктын аялуу катмарын укуктук жактан коргоо деңгээлин жогорулатуу, калкка укуктук жардам көрсөтүү, укуктук билим берүү, сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөктөшүү.
30 ноябрь 2020
Россияда чет элдиктер мыйзамдуу түрдө кийинки жайга чейин жүрө алышат
Россиянын Ички иштер министрлигинин миграция боюнча департаментинин башчысынын орун басары Кирилл Адзинов пандемиянын шартында департамент чет өлкөлүктөрдүн жана жарандыгы жок адамдардын Россия Федерациясында болуу мөөнөтүн 2021-жылдын жайына чейин узартылышы мүмкүн деп билдирди. Анын айтымында, азыр бул маселе каралып жатат.
26 ноябрь 2020
Россия мигранттар үчүн экзамен тапшыруу эрежелерин өзгөртөт
Россияда жашап, иштөөнү каалаган чет элдиктер үчүн орус тили, тарыхы жана орус мыйзамдарын билүү боюнча экзамендерди тапшыруунун жаңы эрежелери киргизилет. Тиешелүү мыйзамды Россиянын Мамлекеттик Думасы кабыл алды.
21 ноябрь 2020
Кыргызстандын колонияларынан 230 адам ырайым менен бошотулду
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон ырайым берүү жөнүндө жарлыктарга ылайык, 230 адам абактан бошотулду. Дагы 38 соттолгон адамдын жаза мөөнөтү кыскартылды.
18 ноябрь 2020
Жаңы Конституциянын долбооруна ылайык Кыргызстандын президенти 5 жылдык мөөнөт менен эки жолу шайлана алат
Кечээ жакында эле кыргыз парламентинин депутаттары өлкөнүн жаңы Конституциясынын долбоорун коомдук талкууга чыгарышты. Документке ылайык, президент 5 жылга шайланат, ошол эле учурда бир эле киши эки мөөнөттөн ашык мамлекет башчысы болуп шайлана албайт.
14 ноябрь 2020
Жапаров 11 миңден ашык жер тилкесин мыйзамдаштыруу жөнүндөгү мыйзамга кол койду
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров «Жерди колдонуу тармагындагы айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» мыйзамга кол койду.