Бүгүн ЖМКда

29 марта 2022
Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин «Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча» комитети Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Бакыт Торобаевдин талапкерлигин карады.

Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин «Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча» комитети Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Бакыт Торобаевдин талапкерлигин карады.

Жыйында Бакыт Торобаев Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары катары кандай иштерди аткара турганын айтты. Тактап айтканда, базарлардагы жана дүкөндөрдөгү баалар төмөндөшү керектигин белгиледи. «Бул маселе көзөмөлгө алынат. Мындан тышкары реэкспортту дагы көбөйтүү керек. Бул багытта ЕАЭБге кирбеген Кытай жана Өзбекстан менен тыгыз иш алып барышыбыз зарыл. Ошондой эле бизге Россиядан көптөгөн IT-адистер келе баштады. Алардын иштөөсүнө шарт түзүп беришибиз шарт», - деди ал.

Анын айтымында, министрлер кабинети азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш алып барат. Кум шекер менен өсүмдүк майы сырттан ташылып келет.

«Бизде өсүмдүк майын чыгарган заводдор бар. Бирок алардын иши токтоп турат. Эки жылдын ичинде алардын ишин жандандырууну көздөп жатабыз», - деп кошумчалады Төрөбаев.

Ал экономиканын реалдуу секторуна басым жасап, натыйжа үчүн иштөөнү айтты.

Комитет мүчөлөрү Бакыт Торобаевтин аткаруу бийлигинде иштей аларына ишеним билдиришти.

"Мени кыйын күндөрдө аткаруу бийлигине бара жатасың деп айтып кеттиңиздер. Ооба. Биз мамлекет, эл үчүн иштешибиз керек", - деп жооп берди Торобаев.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар Министрлер кабинетинин башчысынын орун басарлыгына анын талапкерлигин бир добуштан жактырышты.

24 марта 2022
"Жоогазын ыңкылабы": 17 жылдан кийинки көз караш

24-мартта эгемендүү Кыргызстандын тарыхында бийлик алгачкы ирет элдик толкундоолордун арты менен алмашкан "Жоогазын ыңкылабына" 17 жыл толду.

2005-жылы 24-мартта өлкөнү 15 жылга жакын башкарган Аскар Акаевдин бийлиги кулатылган. Кыргызстандагы түстүү революциялардын башаты болгон "Жоогазын ыңкылабына" 17 жылдан кийин көз караш кандай?

Март окуясы - Аскар Акаевдин режимине, авторитаризмге, үй-бүлөлүк башкарууга, коррупцияга, шайлоодогу бурмалоого нааразылыктын туу чокусу болду.

Ыңкылаптын башкы каармандарынын бири, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров 24-марттын маани-маңызы тууралуу буларга токтолду:

“Аксы окуясы, Март, Апрель элдик ыңкылаптары, дүйнөлүк аренага кыргызды тааныткан саясий, тарыхый окуялар. Ушул окуялардан кийин дүйнө эли кыргыздар жөнүндө көз карашын өзгөртүп, Борбор Азиядагы эркиндикти сүйгөн эл катары баалай баштады. Биз окуп, билген марксистик классикалык революциянын теориялык жана практикалык түшүнүгү азыр өзгөрдү. Азыркы заманбап бийлик алмашууга алып келген элдик толкундоолор окмуштуу изилдөөчүлөр тарабынан "түстүү революция" аталып, карама-каршылуу илимий изилдөөлөр жүрүп, ар түрдүү тыянактар чыгууда. Кыргыздардын Март, Апрель элдик “түстүү революциялары” да дүйнөнүн илимпоздору тарабынан изилденүүдө. Кыргыз революцияларынын чыныгы элдик мүнөзүн жоголбошун, бурмаланбашын максат кылып, мен дагы докторлук ишимди кыргыз революциялары боюнча жазып жатам”.

24-март: Жоогазын ыңкылабы
Сүрөт баян

24-март: Жоогазын ыңкылабы

2005-жылы 24-марттын алдында оппозиция "Акаевдин бийлиги парламенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалады, үй-бүлөлүк бийлик орнотту" деп жер-жерлерде нааразык жыйындарын уюштурган. Анткени, ал шайлоодо бир канча оппозициялык талапкерлерге бут тосуу болуп, Аскар Акаевдин баласы Айдар менен кызы Бермет Жогорку Кеңешке депутат болуп келген.

4-марттан тарта Жалал-Абад облусунда, 18-марттан Ош облусунда бийлик оппозиционерлердин колуна өткөн. 24-марттагы Бишкектеги ири демонстрация башаламандык менен коштолуп, Акаевдин бийлиги кулаган.

24-марттагы күч менен бийлик алмашуу революциябы же төңкөрүшпү деген талаш-тартыш али да актуалдуу. Бул окуядан кийин дагы бийлик эки жолу күч менен алмашты.

Тарыхчы Зайнидин Курманов "Жоогазын ыңкылабына" тарыхый баа берүүгө эрте деп эсептейт.

Зайнидин Курманов.

Зайнидин Курманов.

“17 жыл тийиштүү тыянак чыгарууга эрте. Ден Сяопинден "Улуу француз революциясына" 200 жыл болду, кандай баа бересиз деп сураганда, баа берүүгө өтө аз убакыт өттү деп айткан экен. Кыргызстандын эгемендүү жылдарында мындай жол менен төрт жолу бийлик алмашуу болду. Биринчиси - Аскар Акаевдин президенттикке келиши. Анда дагы митингдер болуп, аң-сезимде өзгөрүү болгон. Октябрдагы төңкөрүш революцияга айланса экен деп үмүт кылам”.

2012-жылга чейин 24-март жылнаамада кызыл менен жазылып, эс алуу күнү катары саналып келген. Кийин Жогорку Кеңештин токтому менен алып салынган. 2016-жылы президенттин жарлыгы менен "Эскерүү күнү" деп бекитилген.

2021-жылы декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылы майрамдардын көптүгүнө байланыштуу 23-февраль, 7-апрель жана 8-ноябрдын макамы боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгуу маселеси каралып жатканын билдирген.

Саясат таануу илимдеринин доктору Асел Дөөлөт эгемен кыргыз тарыхындагы эң маанилүү саясий окуялар боюнча бирдиктүү пикир түзүлбөй, жаш муундарга окутулбай жатканына токтолду.

Асел Дөөлөткелдиева.

Асел Дөөлөткелдиева.

“Бүгүнкү күнү коомдо эгемен кыргыз тарыхы үчүн маанилүү бул окуялар боюнча бирдиктүү пикир түзүлгөн жок. Мындай жыйынтыкка жарандар, студенттер, керек болсо тарых факультетинин студенттери, саясий элитанын өкүлдөрү менен жүргүзгөн сурамжылоодон көрүп жатабыз. Студенттер айрыкча 2005-жылдагы революция жөнүндө биле бербейт. Бул эмнени билдирет? Мамлекет коомдук эс тутум жаатында начар саясат алып барып жатканын көргөзөт. Бул абдан маанилүү. Анткени жаш муундун дүйнө таанымы Кыргызстан кандай жолду баскан, демократия үчүн кандай күрөш жүргөн, ал учурда жол баштаган саясий лидерлер кимдер болгонун билүү менен түзүлөт. Мамлекеттин бул багыттагы саясатын мектепте өтүлгөн тарых китептеринен байкоого болот. Ал китептерде революциялар жөнүндө өтө аз маалымат берилген. Кээ бир мектептерде такыр окутулбаса, кээ биринде мугалимдер бул окуялардан буйтап өтөт. Маанилүү саясий окуялар боюнча бирдиктүү түшүнүктүн калыптанбай жатышына саясий элитанын ортосундагы карама-каршы пикир жана ар бийликтин ар башкача мамилеси болууда. Мындай тандалма идеологияда революциялар демократиялык укук үчүн автортаризмге, үй-бүлөлүк, кландык, династиялык бийликке каршы күрөш болгон деген маани жоголуп кетип жатат”.

Аскар Акаев ээн-эркин кирип чыгууда

Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган Аскар Акаев 2020-жылы 16 жылдан кийин Кыргызстанга биринчи жолу келип, Кумтөр иши боюнча сурак берди. Экинчи жолу сурак берип кеткенден кийин орусиялык "Московский комсомолец" басылмасына курган маегинде, ага карата "куугунтук токтотулганын", "бардык иштер жабылганын" айткан.

Бирок Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Кумтөр иши" боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланып жатканын жана бул иш боюнча жаңы айыптар тагылганын маалымдаган.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов "Жоогазын ыңкылабына" алып келген Аскар Акаевдин саясатына мындай баасын берди:

Кыяс Молдокасымов.

Кыяс Молдокасымов.

“Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк, коррупциялык башкаруусу Аксы окуясынын 20 жылдыгында айтылгандай, пайдубалы жаңы түптөлүп жаткан өз мамлекетине, мамлекет курабыз деп турган өз элине, актай барактан башталчу тарыхый мүмкүнчүлүккө жасаган чыккынчылыгы. Алгачкы жылдары демократиялык жолго түшөбүз деп ынандырган менен кийин үй-бүлөлүк, коррупциялык башкаруу жолуна түшүп алган. Улам-улам мөөнөтүн узартты, адилетсиздикке каршы чыккан элге ок атты. Кумтөр боюнча коррупцияга колу малынды. Парламенттик шайлоодо адилетсиздик болду. Ошонун баары бышып-жетилип Жоогазын ыңкылабы болгон”.

Быйыл "Жоогазын ыңкылабынын" башаты саналган Аксы окуясына 20 жыл болду. 2002-жылы 17-мартта Акаевдин бийлигине нааразылык билдирип чыккан элге ок атылып, алты адам көз жумган.

Акаев режимине кара так болуп калган Аксы окуясында окко учкан Эркинаалы Четинбаевдин жубайы Гүлбү Омукеева Акаевдин ээн-эркин келип жатканына ыза.

“Аксы окусына 20 жыл болду. Эч ким камалган жок, күнөөлүүлөр жаза алган жок. Акаев эч нерсе билбегендей келип жатат. Кар басты, из сууду дегендей 20 жыл өттү деп тоготпогондой келип жатат. Акаев деген атты уккубуз келбейт”.

Кумтөр боюнча эки жолу сурак берип кеткен Акаев тууралуу сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров ал эл алдында кетирген "каталарын толук актады десек болот" деп билдирген.

Ал эми быйыл "Жоогазын ыңкылабы" боюнча кайрылуусунда Садыр Жапаров 24-марттагы окуя бардык бийликке сабак болушу керектигин айтты.

"Мамлекет тагдырында бурулуш окуя катары бааланган парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондуктан, өлкөнүн булуң-бурчунда элдик толкундоолор күч алып, акыры анын үнүн укпаган, текебер мамиле менен элдин эркине каршы чечимдерди кабыл алган бийлик кулатылган. Кечээ жакында эле белгиленген Аксы коогалаңы, андан берки ыңкылаптар - бири-бирине тыгыз байланыштуу окуялар. Алар Кыргызстандын соңку тарыхындагы кайсыл гана бийлик болбосун чоң сабак алуучу тарыхый фактылардан болуп калды", - деп жазылат президенттин кайрылуусунда.

Аксы окуясы – тарыхый бурулуштун башаты

 EMBED БӨЛҮШҮҮ

Аксы окуясы – тарыхый бурулуштун башаты

 EMBED БӨЛҮШҮҮ

The code has been copied to your clipboard.

 


 


The URL has been copied to your clipboard

 

No media source currently available

0:000:42:520:00

 Түз линк 

Тарыхчы Зайнидин Курманов мурдагы президент Аскар Акаевдин Кыргызстандын демократиялык жолго түшүүсүнө эмгеги бар экенин белгиледи.

“Аскар Акаевдин өлкөбүз үчүн эмгеги бар. Эгемендиктин башатында бүт дүйнө демократия аралчасы деп тааныган, демократиялык коом кура алдык. Күчтүү, аң-сезимдүү бул кыймыл азыркыга чейин жашап, өнүгүп жатат. Анын Кыргызстанга келип кетип жатышы дагы Кыргызстандын демократиялык жолго түшүүсү менен байланыштуу. Акаев өзү дагы Кыргызстандагы демократиялык коом курууга кошкон салымын, эмгегин билет. Албетте, Акаевдин бийлигинин демократиядан четтеген, коррупцияланышкан, авторитаризмди орноткон кийинки этабы дагы болду. Азыр эң маанилүүсү учурдагы президенттин авторитаризмге ооп кетпеши. Бул - көйгөйдү чечүүнүн эң оңой жолу. Бирок мамлекеттин көйгөйүн чечпейт. Жарандык коом, маалымат каражаттары менен достук мамилени сакташ керек. Ар түрдүү пикир - биздин демократиялык өнүгүүнүн жыйынтыгы”.

Кыргызстандагы "Жоогазын ыңкылабынын" алдында 2003-жылы "роза ыңкылабы" деген аталыш менен Грузияда, 2004-жылы "саргылт революция" деген аталыш менен Украинада бийлик алмашкан.

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров жаңы келген бийлик мурдагы саясий окуяны жокко чыгарбай, сабак алып иштеши зарылдыгын айтат.

Азимбек Бекназаров.

Азимбек Бекназаров.

"Ооба, улам кийинки келген бийлик, мурдагы революциянын ролун төмөндөтүү саясаты кыргыз бийлиги тарабынан ачык эле жүргүзүлүп келет. Мисалы, Атамбаев Март революциясынын ролун төмөндөткүсү келсе, азыр Апрель революциясынын ролун төмөндөтүп, Октябрь окуясынын ролун көтөргүсү келген саясатчылар, окмуштуулар да жетиштүү экенин моюнга алуу керек. Бул туура эмес. Ар бир элдик жеңиш - ар тараптуу өзүнчө изилденип, тыянак чыгарыла турган тарыхый окуя".

2005-жылы Акаевдин бийлиги кулагандан кийин бийликке Март окуясынын активдүү уюштуруучусу, ошол кездеги оппозициялык "Кыргызстан элдик кыймылынын" (КЭК) жетекчиси Курманбек Бакиев келип, кийин ал президенттикке шайланган. Бирок, Бакиев беш жылдан соң авторитардык бийлик орнотууга айыпталып, 2010-жылы 7-апрелдеги элдик толкундоолор учурунда бийликтин кулатылган.

Жоогазын революциясы эл эсинен канчалык чыгып баратса, анын башкы каармандарынын карааны дагы саясий аренадан алыстап баратат.

Ыңкылаптын каармандары

2005-жылдагы ыңкылапта негизги ролду ойногон адамдардын үчөө катар-катар президент болушса, айрымдары акыреттик болду.

  • Курманбек Бакиев - Март окуясынын авторлорунун бири - "Кыргызстан элдик кыймылынын" (КЭК) жетекчиси, алгач премьер-министр, кийин президент болгон. 2010-жылдагы кандуу Апрель ыңкылабынан кийин Кыргызстандан куулуп, урук-тукуму менен Беларуста баш калкалайт. Кыргызстанда сыртынан өмүрүнүн аягына чейин кесилген.
  • Үсөн Сыдыков – Март окуясынын авторлорунун бири - "Кыргызстан элдик кыймылынын" (КЭК) идеологу. 24-марттан кийин президент Курманбек Бакиевдин администрациясын жетектеген. 2010-жылы Апрель ыңкылабынан кийин контрреволюциялык аракеттерди уюштурган. 2021-жылы декабрда көз жумду.
  • Азимбек Бекназаров - Март окуясынын авторлорунун бири - "Кыргызстан элдик кыймылынын" (КЭК) штабынын башчысы. "Революциянын бульдозеру" деген лакап ат коюлган. 2002-жылдагы Аксы окуясынын башкы каарманы. 2005-жылдан кийин Башкы прокуратураны жетектеген. Кийин оппозицияга өтүп, 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон. Учурда Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси.
  • Анвар Артыков - Март окуясынын авторлорунун бири - "Кыргызстан элдик кыймылынын" (КЭК) мүчөсү, 18-мартта Ош облусунун администрациясы басылып алынып, Артыковду элдик губернатор деп жарыялашкан.
  • Роза Отунбаева - Март окуясынын авторлорунун бири - "Ата-Журт" кыймылын тең-төрагасы. Жоогазын ыңкылабынан кийин кыска убакыт тышкы иштер министри болуп иштеген. Бакиев президент болуп шайлангандан кийин Отунбаеванын министрликке талапкерлиги парламенттен өтпөй калган. Тар чөйрөдө Отунбаеваны атайылап өткөрбөй койгону айтылат. 2007-жылы КСДП партиясы менен депутат болуп шайланган. 2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп, бир жарым жыл президент болуп иштеген.
  • Алмазбек Атамбаев – Март окуясынын авторлорунун бири, 2005-жылы 24-мартта Ала-Тоо аянтындагы митингге "Форумдан" (Атамбаевге таандык ишкана) түшүп келген. 2005-2006-жылдары өндүрүш жана туризм министри, 2007-жылы сегиз ай премьер-министр болуп иштеген. 2010-жылы Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары, парламенттик шайлоодон кийин премьер-министр, 2011-2017-жылдары президент болгон. Президенттиктен кеткенден кийин 2019-жылы мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди бошотуу иши боюнча камалып, 11 жыл түрмөгө кесилген.
  • Баяман Эркинбаев – Жоогазын ыңкылабынын авторлорунун бири. Ошол кезде Кара-Суу базарынын ээси, түштүк аймактарда саясий, криминалдык чөйрөдө таасирдүү фигуралардын бири болгон. Башында президент Аскар Акаев тарапта болуп, кийин оппозицияны колдогон. 2005-жылы сентябрда киши колдуу болгон.
  • Акылбек Жапаров - Парламенттик шайлоодо утулуп калып, алгачкылардан болуп нааразычылык акциясын уюштуруп, Бишкек-Торугарт жолун бууган. "Кыргызстан элдик кыймылынын" (КЭК) штабын 22-марттан баштап жетектеген. 2005-2010-жылдар аралыгында Курманбек Бакиевдин режиминде каржы министри, экономика министри, биринчи вице-премьер-министрлик кызматтарды аркалаган. Учурда Министрлер кабинетинин төрагасы.
  • Өмүрбек Текебаев – 24-марттан кийин бийликти легитимдештирүүдө башкы роль ойногон. Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. Март окуясынын алдында "Кыргызстан элдик кыймылынын" (КЭК) жетекчиси Курманбек Бакиевди колдобой турганын ачык билдирген. Курманбек Бакиев президент болуп шайлангандан кийин оппозицияга өткөн. 2010-жылы апрелдеги ыңкылаптан кийин Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары болуп, конституциялык кеңешмени жетектеген. Учурда Кыргызстандын Германиядагы элчиси.
  • Феликс Кулов - Жоогазын ыңкылабынын аркасы менен түрмөдөн чыккан. Ага чейин беш жыл абакта отурган. Түрмөдөн чыккандан кийин ыңкылаптын лидерлеринин бирине айланган. Ыңкылаптын башка бир лидери Курманбек Бакиев менен тандемге барып, 2006-жылдын аягына чейин премьер-министрлик кызматты аркалаган. 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин "Ар-намыс" партиясы менен парламентке өтүп келген.

Март ыңкылабы тууралуу видеодон көрүңүздөр

Март ыңкылабына 17 жыл: жеке бийлик кулаган күн

 

28 сентября 2021
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов кызматтан кетти

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, анын арызы бүгүн парламенттин комитетинде каралат.

Айрым маалыматтарга караганда, Толкунбек Абдыгуловдун ордуна Кубанычбека Бөкөнтаев дайындалат.

Булак: 24KG

21 сентября 2021
Кой-Таш окуясы: Атамбаевдин соту создугууда

Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесс 27-сентябрга жылды. Апрель айынан бери токтоп турган сот иши ар кандай себептер менен улам артка жылдырылып келет. Ал аралыкта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы эки кылмыш иши козголду.

Бул иш боюнча айыпталган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов жана саясатчы Равшан Жээнбеков камакта жатат.

Сот отуруму 20-сентябрда уланмак. Бирок айыпталуучулар, жабырлануучулар жана адвокаттар толук келбегендиктен иш 27-сентябрга жылдырылды. Сот залына Равшан Жээнбековду гана алып келишти. Атамбаев менен Ниязовду жеткиришкен жок.

Кой-Таш окуясы боюнча бир жылга жакын абакта отуруп, 2020-жылы октябрь окуясынан кийин камактан чыккан саясатчы Равшан Жээнбеков өткөн айда кайра кармалды. Ал сот залына кирип келе жатып:

“Кыргызстанга оор социалдык-экономикалык кризис келатат. Бийлик мамлекетти эффективдүү башкара албай жатат. Оор абалдан чыгуу үчүн бардык саясатчыларды саясий талаадан жок кылганга аракеттенүүдө. Бир дагы авторитардык бийлик куугунтуктоо жолу менен ийгиликке жеткен эмес. Баары туңгуюкка келип такалган, канчалык басым жасаса, ошончолук бийликке азап болот”,-деди.

Президент Садыр Жапаров буга чейин мурдагы президентти бошотуу маселесин "сот чечет" деп жооп берген.

2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуя боюнча кылмыш ишинде Атамбаев, Ниязов, Жээнбековдон сырткары депутаттар Асел КодурановаИрина Карамушкина, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев баштаган ондон ашык киши айыпталууда.

Атамбаевге козголгон кылмыш иштер

Алмазбек Атамбаевге мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда жалпы беш кылмыш иши козголгон.

Алар: мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди түрмөдөн чыгаруу, Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп салуудагы коррупция, Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция жана Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз алуу боюнча. Акыркы үч кылмыш иши “Кой-Таш окуясы” деген бир кылмыш ишине бириктирилген.

2020-жылы июнда "Батукаев иши" боюнча 11 жылга соттолгон Алмазбек Атамбаевге сот өкүмү 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилген.

Анткен менен жаңы бийликтин учурунда Атамбаевге жаңы кылмыш иштери козголду. Өткөн аптада Ички иштер министрлиги 5-6-9-октябрдагы башаламандык боюнча Атамбаевге кылмыш иши тууралуу билдирме тапшырып, 10 түрк жаранына кыргыз жарандыгын берүү боюнча кылмыш ишинин айыбын угузду.

Атамбаевдин адвокаттары Замир Жоошев менен Сергей Слесарев ага козголгон кылмыш иштердин санагынан жаңылып калганын айтышууда.

“Мен жактоочу катары эсебин деле жоготуп алдым. Атамбаевди айыптоо маани-маңызын жоготту. Бул жерде тергөө зарылчылыгы эмес, саясат болуп жатат”, - деди Замир Жоошев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнө козголгон жаңы кылмыш иштери тууралуу билдирүү жасай элек. Ал Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата жасаган кайрылуусунда, азыркы бийлик октябрь окуяларына туура эмес баа берип жатканын айткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Атамбаевге козголгон кылмыш иштерине акыркы чекитти сот коюш керек деп эсептейт.

“Бизде атайын органдар бар. Эгер алар кылмыштын курамы бар деп тапкан болсо туура эле отурат. Анын президенттик убагында саясий чечимдер, мамлекеттүүлүк, коопсуздук боюнча кылган иштерин эске алышыбыз керек. Анын иштерин баалаган адамдар дагы көп болуп жатпайбы. Кандай болгон күндө дагы сот акыйкат чечим чыгарыш керек. Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу боюнча депутаттык комиссия түзүп, ишти аягына чыгалбай отурабыз. Бишкек ЖЭБине чоң насыя алынган. Анын убагындагы кылмыштарга баа берилиш керек”.

65 жаш жана сурак

17-сентябрда Атамбаевдин Кой-Таш айылында анын 65 жашка чыкканына байланыштуу иш-чара өттү. Анда сөз сүйлөгөн аялы Раиса Атамбаева жаңы бийлик Атамбаевдин кылмыш иштерине мамилесин жумшарткандын ордуна, жаңы кылмыштарды ачып жатканын айтты.

“Бул бийликтин колунда кандайдыр бир жумшартуу мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок жаңы кылмыш иштерин токуп, бардык буроолорду бурап жатат. Элди түбөлүк алдай албайсың. Кимдин-ким экени бат эле анык болот”.

17-сентябрда Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери жана жакындары Кой-Таш айылындагы үйүнө чогулуп, анын 65 жашка чыгышын белгилеп, Атамбаевди абактан бошотууну талап кылышты.

Талас облусунун администрациясынын мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов мурдагы президент сот чегерген жазасын өтөп бүтүп, анан абактан чыгыш керек деп эсептейт.

"Кантип абактан бошотулат? Бир канча кылмыш иши козголуп, соттун өкүмү чыккан. Атамбаев абактан чыкса, анда башка абакта отургандар эмне кылыш керек? Болгону соттук процессти ачык кылуу зарыл. Атамбаев абактан чыгам десе президент Садыр Жапаровдон ырайым сурасын, ошол гана жолу бар".

Мурдараак Атамбаевдин туулган күнүнө байланыштуу Бишкекте митинг өтөрү кабарланып, кийинчерээк ал болбой калганы айтылган.

Ага утурлай маданият кызматкерлеринин 17-сентябрда өтөт делген митинг тууралуу президентке жазган катынын негизинде бир канча саясатчы сурак берип чыккан.

Сурак бергендердин катарында 17-сентябрдагы Кой-Таш айылындагы иш-чаранын уюштуруучусу, Атамбаевдин эски үзөңгүлөшү Туйгунаалы Абдраимов дагы болгон.

20-сентябрда Абдраимовдун үйү жана кеңсеси тинтүүгө алынып, Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) суракка алганы белгилүү болду. Анын уулу Элмурат Абдраимов атасына карата “Мыйзамсыз баюу” деген берененин негизинде сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Ал учурда Бишкектеги №47 колонияда отурат.

Булак: Азаттык 

9 сентября 2021
Кыргызстанга Sinovac вакцинасынын 150 миң дозасы келди

Кыргызстан менен Түркиянын эки тараптуу макулдашуусунун алкагында бүгүн, 9-сентябрда өлкөгө гуманитардык жардам катары Sinovac вакцинасынын 150 миң (75 миң адамга) дозасы келди.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жүктү өткөрүп берүү аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев жана Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган катышты.

Өз сөзүндө министр Кыргызстандын калкын иммунизациялоо жана ден соолугун жакшыртууга жардам бергени үчүн Түркия өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Аталган вакцина менен 18 жашка чыккан бардык каалоочулар эмдөөдөн өтө алышат. Биринчи жана экинчи дозанын ортосундагы аралык 2-4 жуманы түзөт.

Булак: 24KG

Парламент тыңшоо боюнча маалымат укту

Жогорку Кеңештин 8-сентябрдагы жыйынында парламенттин айрым депутаттарынын телефондору тыңшалганы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматы угулду.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев баяндама жасап, башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев менен УКМКнын башкы тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Самидин уулу чакырылган. Бирок жыйынга Самидин уулу келген жок. Вице-спикер Аида Касымалиева анын келишин камсыздоо үчүн парламенттин аппаратына бир нече жолу кайрылды.

Аширхожаев былтыр 5-6 жана 9-октябрдагы массалык башаламандыктар боюнча иштин алкагында 6-январдан 10-февралга чейин бир катар активисттердин, коомдук ишмерлердин жана депутаттардын телефону тыңшалганын билдирди.

Ал бардык аракеттер соттун чечими менен мыйзамдуу болгонуна ишендирди.

“Соттун чечими менен бизге айрым кишилерди тыңшоого уруксат берилген. Ал 6-январдан 10-февралга чейин алынган. Андан кийин уруксат узартылган эмес. Азыр кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөөнүн сырын ачпоо үчүн деталдуу айтып бере албайм”.

Телефону тыңшалган депутаттардын бири Мурадыл Мадеминов ага кандай кылмыш иши козголгонуна кызыкты.

Министрдин орун басары Эркебек Аширхожаев эл өкүлүнө кылмыш иши козголбогонун, тыңшоо иштери жалпы берилген тизме менен гана ишке ашты деген жооп кайтарды.

“Анын өзүнүн процедурасы бар. Ыкчам кызматкерлер рапорт берип кайрылат. Кайсы кызматкер кайрылганын айта албайм, тергөө жүрүп жатат. Сиз бизге расмий кайрылыңыз, ошондо жооп беребиз”, - деди Аширхожаев.

6-январдан 10-февралга чейин телефону тыңшалгандардын арасында эл өкүлү Дастан Бекешев дагы бар. Ал жыйында депутаттардын кол тийбестиги бар экенин белгилеп, алардын телефонун тыңшоо үчүн башкы прокурордун өтүнүчү болушу керектигин эске салды.

“Эмнеге катардагы прокурор кайрылып, аны сот канааттандырып жатат? Эмнеге башкы прокурор кайрылбайт? Ал (башкы прокурор - ред) дагы депутат болгон да”, - деди депутат.

Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев азыр иштеп жаткан мыйзам боюнча депутат жеке тинтүүгө жана текшерүүгө гана алынбай турганын билдирди. Андан башка учурларда депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууда башкы прокурордун өтүнүчү жана Жогорку Кеңештин макулдугу керектигин кошумчалады.

“Телефонду тыңшоо жалпы негиздер менен ишке ашат. Башкы прокурор депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууда гана Жогорку Кеңешке жеке өтүнүч келтирет. Бул Кылмыш-процессуалдык кодексинде так жазылган”, - деди ал.

Бекешев былтыр 5-октябрда аянтта УКМКнын азыркы жетекчиси Камчыбек Ташиев дагы болгонун, ал эмнеге суракка чакырылбаганына кызыкты.

Дастан Бекешев.

Дастан Бекешев.

“5-октябрда ал дагы аянтта болчу, жүргөн. Мен аны менен учурушкам, керек болсо эл алдында да сүйлөгөн. Кантип ушундай болуп калды? Аны суракка чакырганга аракет кылып көргүлө, эртең кызматтан алынасыңар, аны жакшы түшүнүп турасыңар. Садыр Жапаров чакырылды беле? Анын суракка барганын укканым жок. Ал 6-октябрда аянтта жүрбөдү беле, эртең менен”, - деди депутат.

Ал эми депутат Аманкул Токтомамбетов эл өкүлдөрүн тыңшоо үчүн берилген рапортто алар "катардагы жарандар катары көрсөтүлгөнбү" деп сурады.

Министрдин орун басары алгач рапортто ЖК депутаттарын тыңшоо катардагы жарандар катары алынганын айтып, бирок депутаттын кайталап берген суроосунан кийин "мен ал материалдарды карай элекмин, карап сизге тактап берейин" деп жооп берди.

Былтыркы октябрь окуяларын тергөөнүн алкагында милиция кызматкерлери ондогон адамдын телефонун бир ай бою тыңшаганы сентябрда ачыкка чыккан.

Ички иштер министрлиги тыңшоо иши коомчулукта талаш-тартыш жараткандан кийин билдирүү таратып, мекеменин аракеттери мыйзамдуу болгонун белгилеген. Ошондой эле, Башкы прокуратура иликтөө жүргүзүүнү Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына тапшырганын маалымдаган.

Телефонду тыңшоого Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Чыңгызбек Бердимуратов уруксат берген. Райондук сот “судья мыйзамдарга ылайык акыйкат жана мыйзамдуу чечим кабыл алды деп эсептей” турганын билдирген.

“Өтүнүчтү кароо учурунда мекемелер аралык тергөө тобунун жетекчилери, Башкы прокуратуранын прокурору катышкан. Тергөө иштериндеги судья мекемелер аралык тергөө тобунун атайын аракеттерди жүргүзүүгө уруксат берүү тууралуу өтүнүчүн канааттандырган. Судья өтүнүчтү өзүнүн ыйгарым укуктарына ылайык чечкен”, - деп жазылган билдирүүдө.

Телефону тыңшалгандардын катарында Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Канатбек Исаев, Каныбек Иманалиев, Мурадыл Мадеминов, саясатчылар, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан Абдил Сегизбаев, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Курсан Асанов бар.

Булак: Азаттык

Президенттин уулу саясатка киришип жатабы?

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 7-сентябрда президент Садыр Жапаровдун баласы Рустам парламенттик шайлоого камылга көрүп, ар кандай жолугушууларды өткөрүп жатканын айтып чыкты.

Эл өкүлү мурдагы президенттердин балдарын мисал келтирип, Рустам Жапаровдун азыркы аракеттери өлкөгө, анын үй-бүлөсүнө дагы аброй алып келбейт деген пикирде. Ал президенттин уулу "Эл үмүтү" социалдык саясий партиясын сүрөп жатканын билдирүүдө:

Дастан Бекешев

Дастан Бекешев

“Мен президенттин баласы Рустам депутат болот деген жокмун. Ал депутат болбойт. Бирок саясий платформа түзүп, бейформал лидер болгусу келип жатканын билдиргем. Ар кандай кишилер менен жолугуп, "Эл үмүтү социал-саясий партиясына” кирүүнү сунуштап жатат. Мен бул сөздү бир-эки эмес, 15 чакты кишиден уктум. Бир күн мурун билдирип чыктым эле, бүгүн парламенттен депутаттар дагы бышыктап атышат. Болгону алар ачык айтып чыккандан коркушууда. Мен президентке жамандык каалабайм. Болгону алдын ала айтып жатам. Рустам атасына саясаттан эмес, башка жагынан жардам берсе болмок”.

Дастан Бекешев айтып жаткан "Эл үмүтү" социал-саясий партиясы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 75 партиянын бири. Мурда “Демилгелүү жаштардын партиясы” деп аталып келсе, жакында эле аталышын жана негиздөөчүлөрүн да өзгөрткөн.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматта партиянын негиздөөчүсү катары 10 киши көрсөтүлгөн. Анын лидери Аскар Алмаз уулу партиянын Рустам Жапаров менен байланышын четке какты.

Аскар Алмаз уулу

Аскар Алмаз уулу

“Бизди буга чейин дагы ар кимге жармаштырып келишкен. Шаардык кеңешке болгон шайлоого катышканда ушундай сөздөр айтылган. Президенттин баласы Рустам менен таанышпыз. Эки-үч жолу көрүшкөнбүз. Бирок анын биздин партияга тиешеси жок. Президентин баласы бизди түртө тургандай деңгээли жок. Ал жигит дагы жаш, ошондуктан саясаттан алыс эле болсун. Саясатчылар бизден коркуп жалаа жабууга өтүштү. Биз эч кимден бата алган эмеспиз. Шайлоого жаңы жүздөр, жаштар менен барабыз”.

Аскар Алмаз уулу 11-апрелдеги Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоого “Биздин эл” партиясынын тизмесин баштап, жеңишке жеткен алты партиянын катарында болгон. Бирок добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылганда “Биздин эл” кайра шайлоого баруудан баш тартып койгон. Эми андагы талапкерлердин көпчүлүгү "Эл үмүтү" социал-саясий партиясы менен парламенттик шайлоого катышканы турат.

“Туран” партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу Дастан Бекешевдин айткандарында чындык бар экенин билдирип, сөздөрүн мындай деп негиздеди:

Эрлан Бекчоро уулу

Эрлан Бекчоро уулу

"Буга чейин Садыр Жапаровдун баласы азыр камакта жаткан Тилекмат Кудайбергеновго киши жиберип, “Эл үмүтү" социал-саясий партиясы менен шайлоого катышууну сунуштаган. Алар “Жеңиш Молдокматовдон кет, бизге кел” деген. Бирок Тилекмат макул болбой койгон. Мындан тышкары Рустам Жапаровдун атасынан шайлоого катышууга макулдук алганы да айтылган. Садыр Жапаровдун баласы шайлоого катышпашы мүмкүн. Бирок ал партияны сөзсүз башкарат”.

Рустам Жапаров атасы бийликке келгенден кийин алгачкы жолу 23-июлда эл алдына чыгып, Садыр Жапаров менен бирге Bishkek Park соода борборунан коронавируска каршы вакцина алган.

3-августта болсо UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келип, аны кантип тосуп алганын Instagram баракчасына жарыялаган. Ал жерден Рустам Жапаров менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин баласы, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Таймурас Ташиевди көрүүгө болот. Хабиб Нурмагомедов катышкан турнир Чолпон-Атадагы ат майданда өтүп, анын уюштуруу иштерине кыргыз бийлиги көмөк көрсөткөн.

Садыр Жапаровдун уулу коронавируска каршы вакцина алып жатат. 23-июль, 2021.

Садыр Жапаровдун уулу коронавируска каршы вакцина алып жатат. 23-июль, 2021.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаровдун жакындары боюнча мындай маалымат таратты.

"Мамлекет башчысы буга чейин өзүнүн жакын туугандарынан эч кимисинин саясий жараяндарга аралашуусуна, ошондой эле кайсы бир жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлешине жол бербесин бир нече жолу белгилеген".

Мурдагы президент Аскар Акаевдин баласы Айдар жана кызы Бермет 2005-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келишкен. Акаевдин авторитардык башкаруусуна жана парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл көтөрүлүп, Акаевдин бийлиги кулаган. Андан кийин бийлик башына келген Курманбек Бакиевдин балдары Максим менен Марат жогорку кызматтарга дайындалып, өлкөдөгү маанилүү маселелер ошолор аркылуу чечилип калганы сынга алынган. 2010-жылы Бакиевдин бийлигине каршы да эл көтөрүлүп, 80дей адамдын өмүрүн алган апрель окуясы болгон.

Коомдук ишмер Тойгонбек Калматов Садыр Жапаров мурдагы президенттин кемчиликтерин кайталабайт деген ойдо.

“Мурдагы президенттин жасаган иштеринен, чечимдеринен жыйынтык чыгарды деген ойдомун. Анын үстүнө үй-бүлөсүн саясатка аралаштырбай турганын айтып келет. Эгер ошол убадасын аткарса, анда колдоп беребиз. Менимче, балдарын аралаштырбаса керек. Анткени буга чейинки президенттин тагдырлары кыргыз коомчулугу үчүн сабак болуп калды”.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга дайындалды. Жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, беш жылдык мөөнөткө шайланат.

Булак: Азаттык 

2 сентября 2021
Кыргызстанда "Түштүк-21" деген аталыштагы аскер машыгуусу башталды

Баткен жана Ош облустарында 2-4-сентябрь күндөрү "Түштүк-21" деген аталыштагы аскер машыгуусу өтөт. Ага Коргоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын аскерлери катышат. 

Биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу 2-сентябрда Баткенде башталат.

Машыгуунун максаты - аскердик, мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин, элдин чукул кырдаалдарга даярдыгын текшерүү экендигин Коргоо министрлигинен кабарлашты.

Ошондой эле 7-9-сентябрда Кыргызстанда Россия баштаган Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биргелешкен аскердик машыгуусу да өтөт. 
ЖККУга Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Кыргызстанда коронавирус жуккандар 176 миңден ашты

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 2-сентябрдагы маалыматына караганда, соңку бир суткада вирустан төрт киши каза тапты. Дагы 142 кишиден оору жаңы аныкталды. 

Кыргызстанда коронавирус алгач 2020-жылдын мартында аныкталган. Андан бери бул оору 176 миңден көп адамга жугуп, 2 536 бейтап көз жумду.
Азыр ооруканада 954 бейтап дарыланууда. Дагы 910 бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 102 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайгандардын жалпы саны 170 169 кишиге жетти.

Илдетке каршы вакцина алгандар 1 миллион 134 миңден ашты.

15 января 2021
Кыргызстандан үйрөнгүлө. Россиянын мамдумасы АКШга шайлоону кантип өткөрүү боюнча кеңеш берди

Вячеслав Володин Мамлекеттик Думанын депутаттары январда ЖККУ ПАнын жана КМШнын алкагында шайлоого байкоочу катары Казакстанда жана Кыргызстанда болушканын белгиледи.

«Билесизби, шайлоонун жыйынтыгы боюнча бардыгы шайлоо ушул өлкөлөрдүн улуттук мыйзамдарына ылайык өткөнүн белгилешти. Алар атаандаштыкка жөндөмдүү, ачык-айрым. Буга байланыштуу, Америка Кошмо Штаттары өзүнүн архаикалык тутуму менен, бир дагы эл аралык байкоочу жок жабык шайлоо тутуму менен алардан сабак алса болот», — деди Вячеслав Володин.

Булак: 24.kg

«Кабар» МА: Кыргызстандагы шайлоо жана кийинки өзгөрүүлөр

Алдыда иш процесстерин орнотуу жана планды ишке ашыруу турат. Кезексиз президенттик шайлоодон жана референдумдан кийин өлкөнү дагы бир ири окуя күтүп турат. Сөз — Конституциянын жаңы редакциясын иштеп чыгуу жөнүндө болууда. Эми парламенттик башкаруу формасы үмүттөрдү да, өлкөнү өзүнүн өнүгүшүнүн принципиалдуу жаңы деңгээлге алып бара турган конкреттүү иш-аракеттерди да актабагандыгы айдан ачык.

Кыргызстандагы парламентаризмге жете албаган эң башкы нерсе — бул коом менен интеграция болбогонунда.

Бул кыйла оор учур, бул коомдун психологиясына көбүрөөк байланыштуу. Мурунку советтик республикалар, аң-сезим деңгээлинде, мурдагы тарыхый он жылдыктардын таасиринен дагы деле көз каранды. Бул мейкиндиктеги парламентаризм саясий утопиянын бир түрү экендиги үчүн тарыхый өбөлгөлөрдү эске албай коюу мүмкүн эмес.

Кыргызстан Борбордук Азия чөлкөмүндөгү чыныгы демократиянын адеп-ахлактык аралчасы катары, кандайдыр бир деңгээлде тайманбастык менен аракет кылды, бирок узак мөөнөттүү натыйжа берген жок.

Парламенттик башкаруу формасы ушунчалык кыска мөөнөттө Жогорку Кеңештин көшөгө артында дагы туура тамыр ала алган жок. Ошондуктан, өлкөдө дагы бир оор тема болуп Конституция жана аны реформалоо маселеси турат.

Булак: KABAR

COVIDден каза болгондордун саны бир нече миңге азайтылган — Эльвира Сурабалдиева

Вице-премьер-министр коронавирус жайылган учурдагы саламаттык сактоо тутумунун ишин иликтеген ведомстволор аралык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгы жакын арада ачыкка чыгарын айтты.

«Мамлекеттик мекемелерден маалымат берүү кечигип жаткандыгына байланыштуу гуманитардык жардам боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишин 15.01.2021-жылга чейин узартууга туура келди. Жумуш аяктагандан кийин, убада кылынгандай, жыйынтыгы чыгарылат. Маалымат үчүн, каза болгондор боюнча айырма миңдеп саналат», — деп жазган Сурабалдиева.

Ал белгилегендей, COVID-19 биринчи толкуну каптаган учурда айрым чиновниктер документтерди кармап, бул дарылоо жана дары-дармектер менен башаламандыкка алып келген.

«Жең ичинен сүйлөшүп алып, кимдир бирөө пандемияда бизнес жасаган. Мурда айтылгандай, веломстволор аралык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча, бир дагы дарыгерге доомат коюлбайт. Дарыгерлер жарандарды баатырларча куткарып жатканда, айрым жетекчилер узак мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыгып кетишкен. Ооруканалардын айрым башкы дарыгерлери „кызыл зоналарга“ да бара элек», — деп жазат Сурабалдиева.

Ал келген гуманитардык жардамдар уурдалган фактылар болгон деп ишендирүүдө.

Булак: Вечерний Бишкек

14 января 2021
Садыр Жапаров: Россиясыз бизге кыйын болорун моюнга алышыбыз керек

Россия менен Кыргызстанды узак тарых жана бекем өнөктөштүк байланыштырып турат. Бул тууралуу президенттик шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетишкен Садыр Жапаров Россиянын 1-каналына берген маегинде билдирди.

— Биздин Россия менен мамилелерибиз мыкты: дипломатиялык, экономикалык, аскердик. Биз бул мамилелерди өнүктүрөбүз. Биз Россия менен достугубузду улантабыз. «Биз ачык моюнга алышыбыз керек: Россиясыз бизге кыйын болот», — деди Садыр Жапаров.

Ал Кыргызстанда орус тилинин расмий статусу сакталып калаарын баса белгиледи.

Булак: Вечерний Бишкек

Кыргызстанда фостердик үй-бүлөлөргө баланы багуу үчүе айына 18 миң сомдон берилет

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Фостердик үй-бүлө жөнүндө жобонун жаңы редакциясын иштеп чыкты, ал өкмөт тарабынан буга чейин бекитилген. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Ализа Солтонбековна билдирди.

Анын айтымында, жаңы редакция балдарды коргоонун жеке планын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга кыйла натыйжалуу ыкмаларды камтыйт, анын ичинде бул процессте тарбиялануучулардын өзүлөрү бар.

Ошентип, ушул жылдан баштап, Жобонун жаңы редакциясына ылайык, өткөн жылдын 4-кварталына карата Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген тартипте, баланы багуу жана багып алуучу ата-энеге эмгек акы төлөө үчүн жашоо минимумунун негизинде каржылоонун бир түрү каралган.

«Ушуга байланыштуу, фостердик үй-бүлөдө баланы багууга бөлүнгөн төлөмдөрдүн өлчөмү белгилүү бир жаштагы балага эки эмгек акынын өлчөмүндө аныкталат. Өз кезегинде, балага кам көргөндүгү жана тарбиялагандыгы үчүн сый акынын өлчөмү жашоо минимундун бир жарым өлчөмүндө аныкталат.

Ошентип, Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, балага төлөнө турган төлөмдөрдүн көлөмү 9 миң 402 сомду, ал эми асырап алган ата-энеге 9 миң 355 сомду түзөт. Жалпысынан үй-бүлөгө 18 миң сомдон ашык жардам берилет», — деди ал.

Булак: KABAR

Кантип ИИМдин генерал-майору Кыргызстандын гербинин авторлошу болгон

«Көпчүлүк жарандарда: «Милиция кызматкери кантип көркөм чыгарманы тарта алмак эле? »- деген абдан жүйөлүү суроо бар. Албетте, мен профессионалдуу сүрөтчү эмесмин, сүрөтчү Нарын шаарындагы балдардын көркөм сүрөт мектебинин директору Асейин Абдраев болгон. Мамлекеттик символду иштеп чыгууну демилгелеп, сүрөтчүнү чыгармачылыкка көндүрүп, тууралап, өзү иштеп чыккан эскиздик долбоорлорду оңдоп, түзөтүүлөрдү киргизип, сүрөтчүнү идеяларга шыктандырып, алардын идеялары жана артыкчылыктары жөнүндө эл өкүлдөрүнүн жана сынак комиссиясынын пикирлерин тезинен билип, аларды алып келгендигимден көрүп жатам. Биздин өз ара ишибиз күтүлгөн натыйжаларды берди деп ойлойм.

Мамлекеттик символдорго сынак жарыяланганга чейин, мен бир эле учурда «Легендарлуу парламенттин» Нарын облусунун Ат-Башын районундагы Акмоюн районунан депутат болуп, мындай маанилүү тарыхый маселеге нарындыктар дагы активдүү катышышы керек деп эсептедим. Сүрөтчү Асейин Абдраевди иш бөлмөмө чакырып алып, аны Мамлекеттик гербди иштеп чыгуу боюнча сынакка катышууну сунуштадым, бирок ал башында буга күмөн санады — «республикада ушунча белгилүү сүрөтчүлөр бар, бизге алар менен атаандашуу кайда» деп жооп берди. Мен өзүмдүкүн айтып, аны көндүрүүгө жетиштим. Гербдин үстүнөн иштөө эки жылга созулган.

Манас бабабыздын Ак-Шумкар (шумкар) өлкөдөгү тилектештиктин, достуктун жана бейпилдиктин символу болуп калды. Ала-Тоо тоолору жана бермет көлү Ысык-Көл республикабыздын сулуулугун жана сыймыгын чагылдырат.

Манас бабабыздын Ак-Шумкары өлкөдөгү тилектештиктин, достуктун жана бейпилдиктин символу болуп калды. Ала-Тоо жана Ысык-Көл республикабыздын сулуулугун жана сыймыгын чагылдырат.

Тоолордун артынан чыккан күндүн алтын нурлары биздин жердин мээримдүүлүгүнүн жана жылуулугун чагылдырат. Герб өлкөнүн түндүк жана түштүк бөлүктөрүн чагылдырат, гербдин капталдарында республиканын түштүгүндө гана өскөн ак пахта жана тутам буудайдын башы — алар Сары-Өзөндү чагылдырат.

Гербде 4 негизги элемент бар — Ала-Тоо, Ысык-Көл, Ак-Шумкар жана пахта менен буудайдын сабагы. Ошондой эле гербде 4 түс бар — көк, ак, алтын сары жана күрөң. Гербдин ар бир элементинде жети компонент бар, жети элибизде сүйүктүү сан жана өзгөчө мааниге ээ. Мисалы, гербдеги Ала-Тоонун жети чокусу, Бөксөө-Тоо дагы жетөө. Ак шумкардын эки канаты дагы жети, жалбырактуу жети пахта бар.

Булак: Vesti.kg

Сот отурумунда эмне үчүн Матраимов өкүл баласы үй камагына бошотулганын айтты

Кара-Суу районунун Савай айылдык кеңешинин башчысы Мунарбек Сайпидиновдун үй камагына бошотулганын Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Эки күн мурун Райымбек Матраимовдун камакта жаткан өкүл баласы Сайпидинов кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен УКМК тарабынан кармалган.

«Биринчи инстанциядагы сот кылмышка шектүүнүн үй-бүлөлүк абалын, ошондой эле анын өздүгү аныкталгандыгын, туруктуу жашаган жери белгилүү экендигин жана 1 033 700 сом өлчөмүндөгү материалдык чыгым толугу менен төлөнүп берилгендигин эске алды», — деп айтылат билдирүүдө.

Сайпидинов 11-мартка чейин үй камагында болот, Ош шаардык соту аны сот залынан бошотууга буйрук берди.

Булак: Sputnik Кыргызстан

Ал мени кычкач менен сабап, жер төлөгө камап, балдарды алып кетти. Көп балалуу эненин окуясы

Эмне үчүн аялдар көп жылдар бою никеде кордукка, токмокко чыдап, биринчи окуядан кийин ажырашпай жатышат?

Психологдордун айтымында, күйөөсүнөн кетип калуу алардын жашоосундагы олуттуу өзгөрүүлөрдү билдирет. Көпчүлүк буга даяр эмес.
Эгерде балдар болсо, аял алардын жашоосу үчүн жооптуу экенин түшүнөт жана бул жерде калыптанып калган нерселер чоң ролду ойной баштайт.
Ысык-Көлдөгү көп балалуу эне Асел Ачикеева күйөөсү тарабынан 10 жылдык никеде ур-токмокко алынып, кемсинтилген. Ал үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон окуясын 24.kg маалымат агенттигине айтып берди.

Аселдин айтымында, ал Бакытка (аты өзгөртүлдү) эрте, 18 жашында турмушка чыгып, бир жылдан кийин биринчи баласын төрөгөн.

«Кызын төрөгөндөн кийин дароо алып кетишти, мен суррогат эне болгондоймун, алар менин багып кетериме ишенишкен жок. Натыйжада ал мастит оорусуна чалдыгып, үч ай Бишкекте дарыланган. Мен Ысык-Көлгө келгенде, алар мага баламды карматышкан жок. Кызыма жакын болуш үчүн жолдошум менен жашашым керек болчу. 2010-жылы экинчи баласы боюна бүткөн. Балдарымды өзүм чоңойткум келет деп айтсам ал мени сабай баштады, эгер милицияга кайрылам десем коркутуп койчу. Мен балдар үчүн жашадым», — дейт 32 жаштагы аял.

Булак: 24.kg

13 января 2021
Көптү үмүттөндүргөн шайлоо

Кыргызстанда дем алыш күнү өткөн кезексиз президенттик шайлоо жана республиканын башкаруу формасы кандай болот деген тагдыр чечүүчү маселени чечүүгө арналган референдум болду. Практика көрсөткөндөй, парламенттик башкаруу формасы мамлекеттүүлүктү өркүндөтүү жана жарандардын жыргалчылыгын жогорулатуу боюнча бардык багыттарда эң негизгиси ишке ашырууга жана жетишүүгө даяр эместигин көрсөттү. Депутаттык жана партиялык аппарат өзүнүн жөндөмсүздүгүн толугу менен көрсөттү деп айтууга болбойт, бирок ошол эле учурда чыныгы жетишкендиктер менен дагы мактана алышпайт.

Демек, өз элинин курч көйгөйлөрүн натыйжалуу чечүүгө киришкен, эгемендүүлүк алгандан кийин идея менен элди, өлкөнү бириктирүүгө аракет кылган лидерге таянуу керек болчу.

Өткөн шайлоолор көрсөткөндөй, адамдар туруктуулукка муктаж, ошондуктан алар президенттик башкаруу формасын тандап, президенттик шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаровго чоң үмүт артышты. Ал дагы өзүнүн командасы сыяктуу дээрлик мүмкүн эмес нерсени жасашы керек — өлкөнү көмүскөдөн чыгаруу үчүн, үмүттүн күнү кайрадан Кыргызстанга тийип, алгылыктуу өзгөрүүлөр болот. Өзгөрүүлөргө кез келди. Өзгөртүүлөр шайланган өкмөткө гана эмес, жарандардын өзүнө дагы таасир бериши керек. Көп нерсени таза барактан баштоо керек.

Булак: KABAR
 

Билим берүү министрлиги: ЖОЖдордо билим алууга жеңилдиктер болбойт. Мисалы 500 сомдон бөлүп төлөсө болот

Университеттерде окууга жеңилдиктер болбойт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров маалымат жыйында билдирди.

— Университеттер келишимдин негизинде иштейт, андыктан биз окуу акысына жеңилдик бере албайбыз, — деди Өмүров. — Пандемия учурунда окуу онлайн режиминде өткөнүнө карабастан, биз иштөөбүздү токтоткон жокпуз. Окутуу үчүн атайын аянтчалар жана шаймандар биз тараптан сатылып алынды. Биздин мугалимдер атайын окуу курстарынан өтүштү. Биз коммуналдык кызматтарга, социалдык төлөмдөргө жана коопсуздукка төлөшүбүз керек болчу.

Студенттер ЖОЖдорго тапшырышы керек болгон мезгилде биз аймактарды кыдырып, алардын өтүшүнө бардык шарттарды түзүп бердик. Биздин тараптан, уюлдук оператор менен биргеликте, окуучу менен мугалимдин ортосундагы байланышты жеңилдетүү үчүн «Мугалим» тарифи түзүлдү.
Министрдин орун басары студенттердин ата-энелери туура түшүнөт деген ойдо экенин кошумчалады.

Булак: Vesti.kg
 

Садыр Жапаровдун инаугурациясы. Качан жана кайда болот, кимдер чакырылды

БШК 2021-жылдын 10-январында кезексиз президенттик шайлоо аяктагандан кийин добуштарды саноону улантууда. Садыр Жапаров ири айырмачылык менен алдыда келе жатат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары учурдагы көрүнүштү толук өзгөртө албасы анык.

Президенттин аппараты жаңы шайланган мамлекет башчынын инаугурациясына активдүү даярдык көрө баштады. Ак үйдөгү маалымат булактары 24.kg маалымат агенттигине Садыр Жапаровдун инаугурациясы, алдын ала маалыматтар боюнча, 21-28-январь аралыгында өтөрүн билдирди. Так датасы дагы деле болсо талкууланып, бекитиле элек.

Белгилүү болгондой, буга чейин Кыргызстандын өнөктөш мамлекеттеринин башчыларына чакыруу барактары жөнөтүлгөн.
Маалымат булактары билдиргендей, Садыр Жапаровдун инаугурациясына Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев жана башка мамлекеттердин башчылары катышат деп күтүлүүдө.
Жакын арада жогорку сыйлуу коноктордун тизмеси жарыяланары белгиленди.

Булак: 24.kg