Бишкекте «Пушкин Балы» өттү
25 ноябрь 2020

Бишкекте «Пушкин Балы» өттү

Бишкекте «Пушкин Балы» болуп өттү. Бий студияларынын окуучулары Пушкин доорундагы костюмдарды кийип, Чайковскийдин, Свиридовдун, Хачатуряндын музыкаласына вальс бийлешти.

Эл аралык конкурстардын лауреаттары Атахан Айбек уулу жана Христина Севостьянова Пушкиндин ырларынан турган романстарды аткарышты. № 17 мектеп-лицейинин окуучулары акындын «Талисман», «Бесы», «Зимний» жана башка ырларын көркөм окуп беришти.

Иш-чараны Россотрудничествонун өкүлчүлүгү, «Москва классикасы» коомдук фонду жана Кыргызстандын бий спорту федерациясы уюштурган.

Россотрудничество өкүлчүлүгүнүн башчысы Виктор Нефёдов балдын катышуучуларына Александр Пушкиндин чыгармачылыгына жана орус маданиятына чын жүрөктөн кызыккандары үчүн ыраазычылык билдирди.

«Пушкин балынын» видеосу Бишкектеги Россиянын илим жана маданият борборунун YouTube каналында көрсөтүлөт.