Тогуз коргоол оюну ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине кирди
18 декабрь 2020

Тогуз коргоол оюну ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине кирди

Салттуу интеллектуалдык Тогуз коргоол оюну ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилди.

Тиешелүү чечим ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 15-сессиясында кабыл алынганын ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандын Улуттук комиссиясы билдирди.

«Салттуу интеллектуалдык жана стратегиялык оюн Тогуз Коргоол, Тогуз Кумалак, Мангала» деген аталыштагы номинация Кыргызстан, Казакстан жана Түркиянын биргелешкен арызы болуп эсептелет.

Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө жүзүнөн 463 элемент адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилген. Кыргызстандан «Манас, Семетей, Сейтек» эпикалык үчилтиги, акындык өнөр, кийиз килемдерди жасоо өнөрү: ала-кийиз, шырдак, боз үй жасоонун салттуу билими жана чеберчилиги (Кыргызстан, Казакстан), айтыш өнөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине (Кыргызстан, Казакстан) киргизилген, жука нан жасоо маданияты: лаваш, катырма, жупка, юфка (көп улуттуу номинация), Нооруз (көп улуттуу номинация), Көк бөрү улуттук ат оюну, Ак калпакты жасоо жана кийүү боюнча салттуу илим жана чеберчилик.