Жалал-Абад шаарында «Орус ыры досторду чогултат!» аттуу фестиваль өттү
21 декабрь 2020

Жалал-Абад шаарында «Орус ыры досторду чогултат!» аттуу фестиваль өттү

Жалал-Абад облустук Барпа атындагы театрында «Орус ыры досторду чогултат!» аттууу фестиваль болуп өттү. Бул тууралуу журналисттерге Россотрудничестводон билдиришти.

Фестивалга «Славяночка» вокалдык-хореографиялык ансамбли, Жалал-Абад филармониясынын солисттери Шахра Темиркулова, эл аралык конкурстардын лауреаттары Тимур Кожобеков жана Кундуз Бостонова жана башкалар катышты.

Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын Жалал-Абад облусу боюнча башчысы Каныбек Тилекеев жана Славян диаспорасынын башчысы Виктор Малюженко катышуучулардын бардыгын жылуу тосуп алышып, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык улуттук гана эмес, регионалдык деңгээлде дагы өнүгүү үчүн чоң потенциалга ээ экендигин айтышты. Мындан тышкары, алар орус ыр фестивалы кыргызстандыктарга орус маданиятынын бай салттарына жакындоого мүмкүнчүлүк түзөрүн баса белгилешти.