Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинолорунун "Үмүт" форуму өтүп жатат
22 декабрь 2020

Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинолорунун "Үмүт" форуму өтүп жатат

21-25-декабрь аралыгында Бишкек шаарында КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинолорунун «Үмүт» форуму өтүп жатат, деп билдирди Маданият, маалымат жана туризм министрлиги.

Сынактык программанын алкагында Россия, Казакстан, Беларуссия, Өзбекстан, Кыргызстан жана Армениянын кыска метраждуу көркөм жана даректүү тасмалары тартууланат.

Ошондой эле толук метраждуу көркөм тасмалардын атайын көрсөтүлүшү, талкуулар, мастер-класстар жана белгилүү кинорежиссерлор менен чыгармачыл жолугушуулар пландаштырылган.

Фестиваль жыл сайын жаңы режиссерлордун ысымдарын табуу, таланттуу жаштарды колдоо, КМШ өлкөлөрүнүн кинематография жана деги эле маданият жаатында диалогду өнүктүрүүгө шарт түзүү жана маданияттар аралык диалог процессине катышкан өлкөлөрдүн жаш муундарын тартуу максатында өткөрүлөт.