Екатеринбургдагы фестивалда кыргызстандык «Күн карама» тасмасы эки сыйлыкка ээ болду
1 декабрь 2020

Екатеринбургдагы фестивалда кыргызстандык «Күн карама» тасмасы эки сыйлыкка ээ болду

1-декабрда Екатеринбург шаарында аяктаган «Россия» даректүү тасмалардын ачык фестивалында Чыңгыз Сулумбековдун «Күн карама» тасмасы эки сыйлыкка ээ болду. Фестивалдын сайтында айтылгандай, тасма «Жаркын дебют үчүн» дипломун жана Бүткүл россиялык «Промоушн» телеканалында бекер көрсөтүлүү укугуна күбөлүк алды.

Жалпысынан сынакка 435 тасма катышкан. Ошол эле учурда, фестивалдын программасына 55 тасма тандалып алынган, анын 31и толук экрандуу, 24ү телекөрсөтүү.

«Россия» даректүү тасмалардын ачык фестивалы биринчи жолу 1988-жылы өткөрүлгөн. Анын башкы максаты — документалдуу тасмаларды жайылтуу. Мындан тышкары, уюштуруучулар мурдагы СССРдин аймагында бирдиктүү кинематографиялык мейкиндикти колдоого аракет кылып келишет.