
Кыргызстанда Манас күнү эпосту 24 саат бою айтуу менен белгиленет
Манас күнүн майрамдоого карата Кыргызстандын ар тарабынан келген жаш жана белгилүү манасчылар бир күн бою эпосту тынбай айтышат.
Иш-чара 4-декабрда Талас облусундагы «Манас Ордо» Кыргыз Улуттук Комплексинде өтөрүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.
«Манас» айтуу 4-декабрда саат 11.00дө башталып, 5-декабрда саат 11.00дө аяктайт. Манасчылар күн ичинде бири-бирин алмаштырып турат«, — деп Маданият министрлигинен билдиришти.
Ачылыш аземи театралдаштырылган программа менен коштолуп, иш-чаранын жүрүшү «Маданият. Тарых. Тил» каналынан түз эфирде көрсөтүлөт. Иш-чарага республикалык бюджеттен акча корогон эмес. Ал демөөрчүлөрдүн жана меценаттарынын колдоосу менен уюштурулду.