«Манас» аэропортунан алгыр куштарды алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды
24 ноябрь 2020

«Манас» аэропортунан алгыр куштарды алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Кыргызстандан шумкарга окшогон алгыр куштарды мыйзамсыз алып чыгуу аракети болду. Чет элдик жаран эл аралык «Манас» аэропортунан кармалганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жүк терминалынын кире беришинен эркек кишиден беш канаттуу салынган баштык табылган. Кармалган учурда алардын экөө өлүп калганы белгилүү болгон. Тирүү куштарга керектүү жардам көрсөтүлдү. Ал эми кармалган чет элдик жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Окуянын чоо-жайы такталып жатат. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 293-беренеси «Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу» менен катталды.

Эске салсак, шумкарларды көбүнчө аткезчилик жол менен алып кетүүгө аракеттер көп болот. Сейрек кездешүүчү жырткыч куштарды мыйзамсыз карма, Перс булуңундагы өлкөлөргө сатуу жана куш салуу үчүн жөнөтүшөт. Көмүскө базарда бир канаттуунун баасы 100дөн 400 миң долларга чейин жетет.