Бишкекте абанын сапаты көзөмөлгө алынып, кара түтүнгө каршы күрөш жүрөт
25 ноябрь 2020

Бишкекте абанын сапаты көзөмөлгө алынып, кара түтүнгө каршы күрөш жүрөт

Бишкекте абанын сапатын көзөмөлдөө үчүн 39 датчик орнотулат.

«Таза аба» экологиялык долбоорун мэрия «Экологиялык чечимдер институту» коомдук фонду менен биргеликте ишке ашырууда. Эко-долбоордун максаты — шаардыктар кандай аба менен дем алып жатканын аныктоо.

Бардык датчиктердеги маалымат ачык экологиялык маалыматтар базасына чогултулуп, баарына жеткиликтүү болот.

Алдын ала маалымат боюнча, 24-ноябрга карата Бишкекте абанын булганышы өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнөн 35-50%га ашып кеткен.
Абанын сапаты жана абанын булганышы боюнча дүйнөдүк анти-рейтингде Бишкек биринчи катарда. Ал кээде Кабул, Лахор жана Карачи шаарларынан кийинки орунда турат. Шаарда кара түтүн көйгөйү суук түшкөндө күчөйт.