Новиков абага зыяндуу заттардын чыгышын азайтуу үчүн бардык аракеттерди көрүүгө чакырды
Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча 2019-жылдын январында бекитилген 40 пунктан турган программанын ичинен үч пункту гана аткарылды, ага шаардын экологиялык абалы түздөн-түз көз каранды эмес. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков баш калаадагы экологиялык кырдаал боюнча кеңешменин жүрүшүндө билдирди.
«Биз үчүн экологиялык жүктү азайтуу боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгуу маанилүү», — деди вице-премьер-министр.
Биринчи кезекте, Новиковдун айтымында, бул Бишкек шаарынын айланасындагы турак жайларды газдаштыруу керек. Ошондой эле,, борбордогу ЖЭБди, коомдук жана жүргүнчү ташуучу унааларды дагы газ менен жүрө тургандай кылыш керек.
Мындан тышкары, жарандардын арасында экологиялык билим берүү жана маданият принциптерин жайылтуу зарыл, газ менен жылытууга активдүү өтүү сунушталарын өкмөт башчы билдирди.