2020-жылы кыргыз темир жолу аркылуу 7 миллион тоннадан ашык жүк ташылды
28 декабрь 2020

2020-жылы кыргыз темир жолу аркылуу 7 миллион тоннадан ашык жүк ташылды

2020-жылдын аягына чейин Кыргыз темир жолу 7 миллион 103,1 миң тонна көлөмүндө жүк ташууну пландап жатат. Мындай божомолдорду Транспорт жана жолдор министрлиги берди.

Мекеменин эсептөөлөрү боюнча, өсүш 2019-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 80 миң тоннаны түзөт. Өткөн жылы 7 миллион 23,1 миң тонна көлөмүндө жүк ташылган.

Транспорт министрлиги коронавирус мезгилинде «Кыргыз Темир Жолу Мамлекеттик ишканасы» гуманитардык жүктөрдү темир жол аркылуу мамлекеттик ишкананын эсебинен ташыганын белгиледи.