Карыздар реструктуризацияланса Кыргызстан Кытайга 50 миллион сом комиссия төлөйт
Карыздар реструктуризацияланса Кыргызстан Кытайга 2,5 млрд сомдун 2%ын, башкача айтканда, 50 млн сом өлчөмүндө комиссия төлөшү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министрдин м.а. Артём Новиков билдирди.
«Биз Кытай менен реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Оң чечим чыккан учурда, биз комиссияга төлөйбүз — жалпы сумманын 2%ын. Азыр 2,5 миллиард сом жөнүндө сөз болуп жатат», — деди ал.
Новиковдун айтымында, учурда тышкы карызды тейлөө боюнча көйгөйлөр жок.
Буга чейин тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кытайлык кесиптешинен республиканын бюджетине тышкы карыздын оорчулугун жеңилдетүүгө көмөктөшүүнү суранган.