2021-жылга карата өлкө бюджетинин тартыштыгы 1,1%ды түздү
25 ноябрь 2020

2021-жылга карата өлкө бюджетинин тартыштыгы 1,1%ды түздү

Депутаттар «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алышты. Бюджетти премьердин м.а. Артем Новиков тааныштырды.

2021-жылы Кыргызстандын жалпы кирешеси гранттарды кошкондо 163 миллиард 26 миллион сомду түзөрү күтүлүүдө. Чыгымдар 170 миллиард 64 миллион сомго жетет. Ошентип, бюджеттин тартыштыгы 7 миллиарддан ашык сомду, же ИДПнын 1,1%ын түзөт.

Мындан тышкары, 2021-жылы 89 миллиард 850 миллион сом көлөмүндө салык түшөрү күтүлүүдө, бажы төлөмдөрү 52 миллиард 384 миллион сом болот деп пландалууда.

Эске салсак, коронавируска жана саясий кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын 2020-жылга карата бюджетине эки жолу өзгөртүү киргизилген.