Евразия өнүгүү банкы: 2020-жылы Кыргызстандын ИДПсынын төмөндөшү 7,5%ды түзөт
26 ноябрь 2020

Евразия өнүгүү банкы: 2020-жылы Кыргызстандын ИДПсынын төмөндөшү 7,5%ды түзөт

ЕӨБдүн талдоо борборунун башчысы Алексей Кузнецов Евразия банкы 2020-жылы Кыргызстандын ИДПсы 7,5% төмөндөшүн күтөт деп билдирди. Ошол эле учурда, жылдын акырына карата банктын бардык мүчө-өлкөлөрүнүн ИДПсынын жалпы көлөмүнүн төмөндөшү 3,8%ды түзөт.

Тактап айтканда, Армения 6,4%, Казакстан 3%, Беларуссия 1,5% жоготот. Кузнецов бул жайылышты коронавируска каршы күрөшүү боюнча масштабдуу жана узак мөөнөттүү чектөө чаралары менен байланыштырды. Ошол эле учурда, ЕӨБ келечекте пандемия жоголуп, чектөөлөрдү киргизүү зарылдыгы толугу менен алынат деп күтүүдө. Андан кийин экономикалык өсүш болушу керек.