2019-жылы Кыргызстандын ИДПсы киши башына 1300 доллардан ашты
8 декабрь 2020

2019-жылы Кыргызстандын ИДПсы киши башына 1300 доллардан ашты

2019-жылы Кыргызстанда калктын жан башына ИДПнын көлөмү 1300 АКШ долларынан ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башчысы Эльвира Исенкулова билдирди.

Ал Кыргызстан ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнөн кыйла артта калгандыгын белгиледи. «Бул биздин жыргалчылыгыбыздын деңгээлин мүнөздөйт, биз бай өлкө деп саналбайбыз», — деди Эльвира Исенкулова.

Ал Кыргызстан ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнөн кыйла артта калып жатканын белгиледи. «Бул биздин жыргалчылыгыбыздын деңгээлин мүнөздөйт, биз бай өлкө деп саналбайбыз», — деди Эльвира Исенкулова.

Улуттук статистика комитетинин өкүлү ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ар бир адамга ИДПнын көлөмү боюнча рейтингинде Россия алдыда экенин, ал жакта ИДПнын көлөмү киши башына 11601 АКШ долларын түзөрүн билдирди. Андан кийин Казакстан турат, коңшу мамлекетте киши башына 9750 АКШ доллары өлчөмүндө товар жана кызматтар өндүрүлөрүн тактады.

Рейтингдин ортосунда ИДПсы 6658 жана 4760 АКШ долларын түзгөн Беларусь менен Армения турат.