Каржы министрлиги кайсы кредиторлор насыяны төлөө мөөнөтүн узартууну убада кылганын билдирди
27 ноябрь 2020

Каржы министрлиги кайсы кредиторлор насыяны төлөө мөөнөтүн узартууну убада кылганын билдирди

Каржы министрлиги расмий Бишкек беш мамлекет менен насыяны төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшө алганын билдирди. Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Германия (KfW, Euler Hermes компаниялары) жана Түркия макул болгон.

Макулдашылган насыялардын жалпы суммасы болжол менен 51 миллион долларды түзөт. Бул каражат 2021-жылдан 2024-жылга чейин төлөнүшү керек. Ошол эле учурда карызды төлөөнүн биринчи жылында жеңилдетүүлөр каралган. Мындан тышкары, Франция, Дания, Түштүк Корея жана Япония сыяктуу дагы алты өлкө насыяаларды төлөөнүн мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,8 миллиард доллардан ашып, анын дээрлик 4,2 миллиарды тышкы карызга туура келет. Коронавирус пандемиясынын кесепетинен карыздарды убагында төлөө мүмкүн болбогондуктан, Бишкек алардын мөөнөтүн узартууну суранып жатат.