Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымы дээрлик үчтөн бирге кыскарды
10 декабрь 2020

Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымы дээрлик үчтөн бирге кыскарды

2020-жылдын январынан сентябрына чейин Кыргызстанга чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымы 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,9%га азайып, 398,4 млн АКШ долларын түздү.

Улуттук статистикакомитетинин маалыматы боюнча, түздөн-түз чет элдик инвестициялардын көпчүлүгү (90%) өндүрүш ишканаларына, тоо-кенге, геологиялык чалгындоо, каржылык ортомчулук жана камсыздандырууга, ошондой эле маалымат жана байланышка багытталган.

Ошол эле учурда, геологиялык чалгындоого инвестициялардын көлөмү 3,5 эсеге, маалымат жана байланыш тармагына — 21,3%га, каржылык ортомчулук жана камсыздандырууга — 8,9%га, тоо-кен ишканаларына — 9,5%га, кайра иштетүүгө өнөр жай тармагы — 3,7%га кыскарган.

Түз чет элдик инвестициялардын жалпы көлөмүндө эң чоң үлүш Кытайга (келип түшкөн инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 28,5%), Канадага (21,7%), Нидерландыга (11,9%), Швейцарияга (7,1%), Түркияга ( 6,9%) жана Улуу Британияга (5,8%) туура келет.

2020-жылдын январь-сентябрь айларында 2019-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу чет өлкөлүк түз инвестициялардын чыгышы1,4 эсеге көбөйүп, 719,1 миллион АКШ долларын түздү. Ошол эле учурда, өлкөгө 320,7 миллион доллар кирип, чыгыралган каражатка караганда көп болгон.