Депутаттар «Газпром» менен түзүлгөн келишимди кайра карап чыгууну көтөрүштү
23 декабрь 2020

Депутаттар «Газпром» менен түзүлгөн келишимди кайра карап чыгууну көтөрүштү

Парламенттин депутаттары «Газпром» менен 2020-жылдын 10-апрелинде түзүлгөн келишимди кайра карап чыгууга чакырышты. Бул маселе жакында эле отун-энергетикалык комплекс комитетинин жыйынында талкууланды.

Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакпаев орусиялык «Газпром» Кыргызстанда газ тармагын өнүктүрүү менен алектенбейт деп билдирди. Парламентарий «Кыргызгаз» концернине 1 долларга гана берилгендигин эске алып, компания менен түзүлгөн келишимдин шарттарын кайра карап чыгууга чакырды.

Өз кезегинде депутат Кожобек Рыспаев «Газпром» газ тармагын өнүктүрүүгө инвестиция салууга убада бергенин эске салды.

Буга жооп кылып, орусиялык компаниянын өкүлү Азамат Алдаяров «Газпром» менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы келишимде геологиялык чалгындоо боюнча милдеттенмелер жок экенин айтты.