Бишкекте азык-түлүктүн баасын төмөндөтүү үчүн жарманкелер ачылат
1 декабрь 2020

Бишкекте азык-түлүктүн баасын төмөндөтүү үчүн жарманкелер ачылат

Өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Артем Новиков Бишкек шаарынын мэри Балбак Толубаевге шаардын ар бир районунда айыл чарба жарманкесин ачууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Новиковдун айтымында, мындай чечим социалдык маанилүү товарларга бааны турукташтырууга багытталган. Буга чейин алардын кымбатташы шаардын көптөгөн тургундарын таң калтырган.

Жарманкелер бир жуманын ичинде уюштурулат. Ал жерге фермерлер, даяр продукция өндүрүүчүлөр жана ири импортерлор тартылат. Товарлар арзан баада сатылат деп күтүлүүдө. Жарманкелерге катышуу каалоосун 200гө жакын өндүрүүчүлөр билдиришти.