Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 5% деңгээлинде сактап калды
2 декабрь 2020

Кыргызстандын Улуттук банкы эсептик ченди 5% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банктын Башкаруучулугу эсептик ченди 5% деңгээлинде кармоо чечимин кабыл алды. Мекеменин басма сөз кызматы мындай чечим тышкы кырдаалга жана ички экономикалык шарттарга байланыштуу кабыл алынганын билдирди.

Улуттук банк акча-кредит саясатынын инструменттери жалпысынан экономиканын реалдуу секторун стимулдаштырууга багытталаарын белгиледи. Тышкы жана ички терс факторлордун таасиринен улам Кыргызстанда экономикалык активдүүлүктүн калыбына келиши басаңдаган.

Улуттук банктын билдирүүсүндө өндүрүштүн көлөмүнүн олуттуу төмөндөшү экономиканын дээрлик бардык тармактарында уланып жатканы айтылат. Экономиканын туруктуу өсүү нугуна кайтып келиши өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга, өнөктөш мамлекеттердин экономикасынын калыбына келүү ылдамдыгына, ошондой эле дүйнөлүк товар базарларындагы баалардын динамикасына байланыштуу болот.

Эсептик чендин өлчөмү боюнча Улуттук банктын Башкаруучулугунун кезектеги отуруму 2021-жылдын 25-январында өтөт.