Кыргызстанда бизнести текшерүүгө тыюу салынды
14 декабрь 2020

Кыргызстанда бизнести текшерүүгө тыюу салынды

Кыргыз өкмөтү укук коргоо органдарына ишкерлерге текшерүү жүргүзүүгө тыюу салды. Ошол эле учурда, тыюу салуу кылмыш жана жарандык процесстин алкагындагы текшерүүлөргө тиешелүү эмес деп министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, текшерүүлөр жеке жана юридикалык жактардын, ошондой эле Бажы кызматынын бажы көзөмөлүндөгү товарларга карата өтүнүч арызы боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

Ошондой эле, тыюу салуу Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алууга байланыштуу маселелерде колдонулбайт.
Өкмөттөн ишкерлерди текшерүүгө тыюу салуу чечими аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү, укуктук жактан корголушун камсыз кылуу, айрым укук коргоо органдарынын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүн жоюу максатында кабыл алынгандыгын тактады.

Токтом 27-декабрда — расмий жарыялангандан соң 15 күндөн кийин күчүнө кирет.