Кыргызстанда жыл башынан бери бензин 6,6 сомго арзандады
14 декабрь 2020

Кыргызстанда жыл башынан бери бензин 6,6 сомго арзандады

2020-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын чекене баалары жыл башынан бери арзандагына байкалууда.

Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы январь-ноябрь айларында республика боюнча орто эсеп менен бензин 6,6 сомго (16,6%) арзандап, дизелдик отундун орточо наркы 9,9 сомго (22%) төмөндөгөнүн билдирди.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, ушул жылдын 11 айында республикага чет жактан 983,6 миң тонна мунай зат келген, анын ичинде: бензин — 459,8 миң тонна, дизелдик отун — 523,8 миң тоннаны түзөт.