
Ички иштер министринин атасы каза болду
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги мекеменин башчысы башчысы Улан Ниязбековдун атасы каза болгонун билдирди. Омокан Ниязбеков 2021-жылдын январында 69 жашка чыкмак.
«Министрдин орун басарлары, коллегиянын мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу, ошондой эле ИИМдин өздүк курамы Ички иштер министринин атасынын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жакын адамын жоготуу — бул чоң кайгы жана сыноо. Сиздин күйүтүңүздү чын жүрөктөн бөлүшөбүз», — деп айтылат кайрылууда.
Эске салсак, Улан Ниязбеков Ички иштер министрлигине жетекчис болуп 10-октябрда келген. Ага чейин ал Ички иштер министрлигинин 7-башкармалыгынын башчысынын орун басары жана ИИМ жетекчисинин кеңешчиси болуп иштеген.