УКМК талапкерлердин биринин аялын алдамчылыкка айыптоодо
7 январь 2021

УКМК талапкерлердин биринин аялын алдамчылыкка айыптоодо

УКМК президенттикке талапкерлердин биринин жубайы ири алдамчылык фактысы боюнча шектелип сотко чейинки өндүрүш башталганын жарыялады. Башкармалыктын басма сөз кызматы КЖБРге Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси боюнча катталганын, ага А.О. аттуу жарандын У.К. аттуу жаранга карата жазган арызы себеп болгон. Ошол эле учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети шектүү аял кайсы талапкердин жубайы экенин так айткан жок.

«У.К. аттуу жаран 2017-2018-жылдары А.О. деген жарандан чогуу ишкердик кылуу үчүн 5 миллион доллардан ашык суммадагы накталай акча алып, аны кайтарып берүүдөн баш тартып келген. Белгилей кетсек, алданып калган жаран чет элдик инвестор болгон жана көрсөтүлгөн каражаттарды өлкөнүн керектүү долбоорлорун өнүктүрүүгө жумшоону пландаштырган. Жаран У.К. президенттикке талапкерлердин биринин жубайы. Сотко чейинки өндүрүш иштери тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү», — деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.