Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы Дүйнө Кубогунда алтын тагынды
16 декабрь 2020

Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы Дүйнө Кубогунда алтын тагынды

Айсулуу Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмакта Айымдар арасындагы Дүйнө Кубогунда алтын медалды жеңип алды. Бул категорияда жалпы 13 балбан күч сынашты. 

Тыныбекова төрт атаандашын тең жеңди. Ал бардык жеңиштерге 2 күндө жетишти. 1/8 финалда ал румыниялык Криста Инценини 10:0 эсебинде жеңип алды. Чейрек финалда Тыныбекова ушул эле эсеп менен Түркиядан келген балбан Жансу Аксаны жеңдиы. Жарым финалда орусиялык Любовь Овчарова ага 13: 2 эсебинде жеңилип калган. 

Финалда Тыныбекова латвиялык спортчусу Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде утту. 

Турнир 12-18-декабрь аралыгында Сербияда өтүп жатат.