Кыргызстандагы эң ири PR агенттик кеңсесин алмаштырды
23 февраль 2021

Кыргызстандагы эң ири PR агенттик кеңсесин алмаштырды

«Гуров жана өнөктөштөр — Борбор Азия» PR агенттиги Бишкектин борборундагы Чүй проспектиси 128 дарегиндеги жаңы кеңсеге көчтү.

Жаңы кеңсенин ачылышы кызматкерлердин санынын көбөйүүсүү, потенциалдуу кардарлар жана өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдүн өсүүсүнө байланыштуу болду.

2020-жылы «Гуров жана өнөктөштөр» командасы тарабынан Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда ишке ашырылган долбоорлордун көлөмү $1,2 млн. ашты. Бул агенттикти Борбор Азия чөлкөмүнүн PR-базарындагы эң ири оюнчуга айландырды.

Агенттиктин долбоорлору эки жыл катары менен абройлуу эл аралык «RuPoR» сыйлыгынын баш байгелерин алат. 2019-жылдан бери компания Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети менен кызматташып, келечектеги PR-адистер үчүн окуу процессин уюштурууга көмөк көрсөтүп келет.

«Өткөн жылы эң көп суроо-талап саясий консалтинг жана антикризистик байланыштар болду. 2021 — жылы биз Government Relations жана корпоративдик коммуникациялар тармагындагы долбоорлордун өсүүсүн күтүп жатабыз» , - дейт PR агенттиктин башкы директору Кайрат Телеушев.

«Гуров жана өнөктөштөр — Борбор Азия» — эл аралык стандарт менен иштеген ири улуттук PR агенттик жана Кыргызстандагы жалгыз коммуникациялык компания. Агенттик Москвадагы «Гуров жана өнөктөштөр» эл аралык коммуникация тобунун курамына кирип, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанда PR-кызмат көрсөтөт.