БШК шайлоого эл аралык 113 байкоочуну аккредитациялады
28 декабрь 2020

БШК шайлоого эл аралык 113 байкоочуну аккредитациялады

БШК дагы 113 киши президенттик шайлоого жана референдумга чет элдик байкоочу катары аккредитацияланганын билдирди. Ошентип, эл аралык байкоочулардын жалпы саны 311 адамга жетти. Алар 43 мамлекеттин жана 31 эл аралык уюмдун өкүлдөрү.

Шайлоо 2021-жылдын 10-январында болот. Президентти шайлоодон тышкары, шайлоочуларга башкаруу формасын дагы тандоо сунушталат. Алар парламенттик же президенттик башкарууну тандайт.