Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн жарандарына Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилди
5 декабрь 2020

Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн жарандарына Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкө бийлиги эл аралык «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» аэропорттору аркылуу келген бардык чет өлкөлүктөрдүн жана жарандыгы жок адамдардын республикага кирүүсүн калыбына келтирүү чечимин кабыл алганын билдирди. Буга чейин 33 мамлекеттин гана жарандарына кирүүгө уруксат берилген.

Ошол эле учурда, республикага келүүнү каалагандардын бардыгын жанында анын коронавирус менен оорубай турганын аныктай турчу ПЦР анализинин жыйынтыгы болушу керек. Адамды жолго чыгардан 72 саат мурун текшерүү керек. Тесттин жыйынтыгы жанында бар же жок экени учаар алдында жана келгенден кийин текшерилет. Эгерде адамда анализдин жыйынтыгы жок болсо, ал жеринде текшерилет.