Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирус жуктургандар 70 миңден ашты
24 ноябрь 2020

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери коронавирус жуктургандар 70 миңден ашты

COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын маалыматы боюнча, коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 70 миң 366 адам ооруга чалдыкты.

Жаңы учурлар Чүй облусунда (176), Бишкек шаарында (124), Жалал-Абад облусунда (67), Ысык-Көл (35), Ош (22), Баткен (21), Ош (16), Талас облусунда (14) жана Нарында (6) аныкталды.

Акыркы суткада Кыргызстанда 433 бейтап айыкты. Март айынан бери оорудан сакайгандар 61 593кө жетти. Андан сырткары дагы төрт бейтап каза болду. Март айынан бери каза болгондордун саны 1241ге жетти.