Кыргызстан шайлоо өткөрүүгө БУУдан жардам сурайт
6 декабрь 2020

Кыргызстан шайлоо өткөрүүгө БУУдан жардам сурайт

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Руслан Казакбаев БУУнун туруктуу координатору Озонниа Ожиелого шайлоону өткөрүүгө техникалык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

4-декабрда өткөн жыйында Казакбаев жакынкы айларда өлкөнүн саясий календары бай болорун белгиледи: башкаруу формасын тандоо, Конституцияны кабыл алуу, ошондой эле президенттик жана парламенттик шайлоолор.

Ожиело БУУнун Кыргызстанга конституциялык реформанын алкагында иштелип чыккан документтердин сапатын жакшыртууда жардам берүүгө даяр экендигин белгиледи. Ал БУУ эң мыкты тажрыйбаларга, билимге жана ресурстарга таянган универсалдуу эл аралык уюм экендигин айтты.

Эскерте кетсек, президенттик шайлоо 10-январда болот. Президенттик шайлоо менен бирге башкаруу формасы боюнча референдум дагы өткөрүлүшү мүмкүн.