Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Мадумаров боюнча БШКга арызданды
24 ноябрь 2020

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Мадумаров боюнча БШКга арызданды

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы билдиргендей, департаменттин өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясына видео материалдарды жөнөтүшкөн, анда президенттикке талапкер Адахан Мадумаровдун Москвадагы эмгек мигранттары менен жолугушуусу тартылган. Буга чейин бул видео социалдык тармактарда тараган болчу.

Башкы прокуратура жолугушууда элди Мадумаровду колдоо үчүн үгүттөө болгон деп эсептейт. Ошол эле учурда, анын президенттикке талапкер катары катталганга чейин мындай жолугушууларды өткөргөнгө укугу бар.

Эске салсак, талапкерлер 14-декабрга чейин катталат. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.