Президенттин парламенттеги өкүлү кармалды
24 ноябрь 2020

Президенттин парламенттеги өкүлү кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы ыйгарым укуктарынан аша чаап пайдалануу фактысы боюнча президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев кармалганын билдирди. Учурда сотко чейинки өндүрүш башталды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 2020-жылдын октябрь айында болгон шайлоо өнөктүгү учурунда Дыйканбаев белгилүү бир саясий партиянын кызыкчылыгын көздөп, стратегиялык маанилүү мамлекеттик ишканалардын биринин жетекчисин кызматтан кетирем деп коркутуп 7 млн сомдон ашык акча берүүгө мажбур кылган.

Кийинчерээк акча шайлоо өнөктүгү учурунда жетиштүү санда добуш алууну кепилдөө үчүн колдонулган.

Дыйканбаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Бул ишке тиешеси бар адамдардын бардыгы такталып жатат. 4-октябрдагы шайлоодо ал «Биримдик» партиясынын тизмесинде № 58 катарда барган. Шайлоо өнөктүгү маалында анын ыйгарым укуктары токтотулган болчу.