Саат 18:00гө алынган маалыматтар: шайлоочулардын 30%дан ашыгы келди
10 январь 2021

Саат 18:00гө алынган маалыматтар: шайлоочулардын 30%дан ашыгы келди

БШКнын маалыматы боюнча, саат 18:00гө карата өлкөдөгү президенттик шайлоого шайлоочулардын 33,13%ы (1 180 515 кыргызстандык) катышкан. Эскерте кетсек, президенттикке 17 адам ат салышууда.

Референдумга шайлоочулардын 33,08% — 1 178 656 адам катышты: ошондуктан референдум өттү деп эсептесе болот. Эске салсак, 10-январда кыргызстандыктар башкаруу формасын — президенттик же парламенттик республиканы тандашат.

Шайлоого катышуу боюнча Ысык-Көл облусу лидер бойдон калууда, андан кийин Ош. Шайлоочулардын эң азы Чүй облусунда.