Жапаров Россияны Кыргызстандын негизги союздашы деп атады
11 январь 2021

Жапаров Россияны Кыргызстандын негизги союздашы деп атады

Кыргызстанда Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Садыр Жапаров Россияны Кыргыз Республикасынын башкы стратегиялык өнөктөшү деп атады. Бул тууралуу ал журналисттин Россия менен мамилелерди куруу пландары жөнүндө суроосуна жооп бергенде айтты.

«Россия биздин союздаш, башкы стратегиялык өнөктөшүбүз. Советтер Союзунда 70 жыл чогуу жашадык. СССР кулагандан кийин биз 30 жыл бою стратегиялык өнөктөшпүз. Россия Федерациясы биздин негизги өнөктөшүбүз бойдон калууда», - деди Жапаров.

Президенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыктары боюнча, урналардын автоматтык эсептөөсүнө ылайык, Жапаров дээрлик 80% добушка ээ болду.