Кыргыз өкмөтү коомдук иш-чараларды өткөрүүгө салынган тыюуну алып салды
26 ноябрь 2020

Кыргыз өкмөтү коомдук иш-чараларды өткөрүүгө салынган тыюуну алып салды

Кыргыз бийлиги массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салууну алып салды. Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева министрлер кабинетинин 17-марттагы коронавируска каршы күрөшүүгө байланыштуу экономикалык чектөөлөр жөнүндө жарлыгы 1-декабрдан тарта күчүн жоготорун билдирди.

Тактап айтканда, документте маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк жана эскерүү иш-чараларына тыюу салынган. Көңүл ачуучу жайлардын, соода борборлорундагы оюн аянтчалардын, кинотеатрлардын, 50дөн ашык эмес киши бата турган коомдук тамактануучу жайлардын, интернет клубдардын иштешине тыюу салынган болчу.

Сурабалдиева белгилегендей, өкмөт өлкөдөгү экономикалык ишмердүүлүктү калыбына келтирүү каалоосун жетекчиликке алып, ушундай чечим кабыл алган. Ошол эле учурда, азыр ар бир региондо жана облуста жергиликтүү бийлик органдары тигил же бул иш-аракетке тыюу салуу же уруксат берүү жөнүндө чечимди өздөрү кабыл алат. Аларөз чечимдерин эпидемиологиялык кырдаалга таянуу менен чыгарышы керек.