
УКМКнын башчысы Ташиев ооруканага түштү
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Бишкектеги ооруканага жаткырылды. Маалыматты УКМК тастыктады. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Ташиев дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин, кооптонууга негиз жоктугун баса белгиледи.
Ошол эле учурда, маалымат-катчы ооруканага кандай диагноз менен качан жаткырылганын тактаган жок. Ошол эле учурда ЖМКларда УКМКнын башчысы коронавируска кабылбаганын жазышууда.