Каржы министрлиги Матраимов кайтарган акча боюнча маалымат берди
8 декабрь 2020

Каржы министрлиги Матраимов кайтарган акча боюнча маалымат берди

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары Райым Матраимов өзүнө козголгон кылмыш ишиндеги зыяндын ордун толтуруу үчүн жалпысынан 773 млн 412 миң сом которгон. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Мекеме бул маалымат 8-декабрга карата жаңыланганын белгиледи. Ошол эле учурда, 27-ноябрга чейин Матраимов болгону 646 миллион сом которгон. Бул убадаланган сумманын жарымынан азын түзөт. Эскерте кетсек, 1-декабрга чейин мурдагы чиновник бюджетке 2 миллиард сом кайтарып берүүнү убада кылган.

УКМК Матраимов өлкөнүн бажы кызматында кеминде 40 адамды камтыган кылмыштуу система түзгөн деп эсептейт. Коррупционерлер 2016-жылдын башынан бери иштеп келишкен.