Ural Airlines авиакомпаниясы Россиянын 8 шаарынан Кыргызстанга каттамдарын жандантты
9 декабрь 2020

Ural Airlines авиакомпаниясы Россиянын 8 шаарынан Кыргызстанга каттамдарын жандантты

Россиялык «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы Россиянын сегиз шаарынан Бишкек жана Ош шаарларына чартердик каттамдарды аткара баштайт.

Екатеринбургдан учуу 8-декабрда тарта жанданды, деп билдирди авиакомпаниянын басма сөз кызматы. Ошондой эле Москва (Домодедово аэропорту), Жуковский, Санкт-Петербург, Нижневартовск, Казань, Красноярск жана Самарадан учуулар пландаштырылууда.

Учууларды калыбына келтирүү чечими Кыргызстан бардык өлкөлөргө чек араларын ачкандан кийин кабыл алынган. Ошол эле учурда такай каттамдар жөнүндө азырынча сөз боло элек.

Билеттер uralairlines.ru сайтында, мобилдик тиркемеде жана кассаларда сатылууда.

Авиакомпания учакка отурганда жүргүнчүлөр COVID-19 жоктугу жөнүндө маалымкат көрсөтүшү керектигин эскертет. Өлкөгө келээрден 72 саат мурун ПЦР тесттен өтүү кажет.