Президенттин милдетин Талант Мамытов, премьердин милдетин Артём Новиков аткарат
16 ноябрь 2020

Президенттин милдетин Талант Мамытов, премьердин милдетин Артём Новиков аткарат

Кыргызстанда президенттик шайлоо өткөнгө чейин мамлекет башчысынын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов аткарат. Ал өз кайрылуусунда өлкөнүн бүтүндүгүн жана элдин тынч жашоосун сактай турганын айтып сөз берди. Мамытов ошондой эле, бардык жарандарга тоскоолдуктардан өтүү үчүн ар көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Ал эми премьер-министрдин милдетин аткаруу «КР өкмөтү жөнүндөгү» Конституциялык мыйзамдын 19-беренесине ылайык, биринчи вице-премьер Артём Новиковго жүктөлдү.

Белгилей кетсек, 14-ноябрда Садыр Жапаров мөөнөтүнөн мурда дайындалган президенттик шайлоого катышуу үчүн президенттин ыйгарым укуктарын аткарууну өткөрүп берген. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик кызматта иштеп жаткандар шайлоолорго катыша албайт.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 2021-жылдын 1-январына белгиленген. Ошентип мамлекет башчы болууга ниетин 63 киши билдирип, БШКга тийиштүү арыздарын берген.